Онлайн шерине
Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу солгундап калган сүйлөшүүлөрдү АКШнын кайра жандандыруу аракети согуш талаасынан алда канча алыс, Кремл дагы эле өзүнүн "тамаркасы" деп эсептеген, бир кезде Советтер Союзунун стратегиялык жактан маанилүү эки чөлкөмүндө да чочулоо жаратты.
Борбор Азия өлкөлөрү жасалма интеллектти (ЖИ) өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк борборго айланууга умтулууда. Алар ири дата-борборлорду куруп, технологиялык компанияларга арзан электр энергиясын, салык жеңилдиктерин жана жер тилкелерин сунуштап жатышат.
Эмне үчүн адам укуктары АКШнын Борбор Азия менен кызматташуусунун күн тартибинен түшүп, анын ордун прагматизм ээледи жана бул тенденция канчалык узакка созулушу мүмкүн? Орусия бекем орун алып, Кытайдын таасири күчөп жаткан чөлкөмдө Вашингтон кандай роль ойнойт?
Мунай, газ, уран жана стратегиялык кен байлыктарга бай Борбор Азия кайрадан дүйнөлүк державалардын көңүл борборуна чыгып, алардын айланасындагы атаандаштык күчөгөндөй. Мындай шартта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда өтө турган «С5+1» жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга аттанууда.
Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн төртөө Арменияга шарт коюп, же ушул бирикмени, же Европа биримдигин тандоону талап кылышты. Алар Еревандын Европа менен жакындашуусу ЕАЭБдеги башка мүчөлөрдүн "экономикалык коопсуздугуна зыян тийгизет" деген жүйөсүн келтирди.