"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Түштүктөгү кайгылуу окуялар боюнча соттолуп жаткандардын жактоочулары өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну бийликтен талап кылып, митингге чыккан жатышат.
Өлкөнүн ар кайсы аймагында өткөн митингдердин түбү барып эле парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына барып такалууда.
Эл аралык Human Rights Watch уюму июнь окуясы боюнча соттолуп жаткандарга басым-кысым күч алганы тууралуу билдирүү таратты.
Экс-президент Курманбек Бакиев Минскиден эч кайда кетпегенин жана парламенттик башкаруу Кыргызстанга өтө эртелик кыларын "Азаттыкка" билдирди.
10-октябрдагы парламенттик шайлоодо марага жетпей калган айрым партиялар кээ бир бекеттердеги добуштарды кайра саноону талап кылып жатышат.
Чет элдик жана жергиликтүү байкоочулардын баасы боюнча Кыргызстандагы парламенттик шайлоо айрым мүчүлүштүктөрүнө карабай эркин жана калыс өттү.
2010-жылдын 10-октябры он сандары катар келген күн болуп саналат, ошондуктан бул күндү ырым кылып баш кошкон жаштар Кыргызстанда көп болду.
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлоого даярдыктар жана добуш берүүнүн жүрүшүндөгү тартиптер туурасында “Азаттыкка” маек курду.
Казакстандын ИИМи кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө тиешеси бар делген шек менен эки киши кармалганын кабарлады.
Өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо күнү ар кандай ызы-чуулар чыгып кетпеши үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.
Байкоочулар бир топ жерлерде тизме “оорусу” дале орчундуу экенин, эбак маркум болуп кеткендер да тизмелерди толуктап турганын белгилешүүдө.
Бай партиялар добуштарды сатып алууга аракет кылууда деп сындалып жатканда, бир катар партиялар аларды каралоо акциясы жүрүп жатканы жөнүндө арызданышууда.
Бажы союзу койгон бөгөттөр "Дордой" базарындагы, Өзбекстан менен чек аранын жабылышы "Кара-Суу" базарындагы дүң сооданын көлөмүн кыйла азайтты.
Июнь коогалаңы боюнча айыпталуучуларды жактап жаткан адвокаттар менен укук коргоочулар өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышууда.
Быйыл Кыргызстанга келип окуган чет элдик студенттердин саны 20 пайызга кыскарды. Адистер муну кандуу июнь окуялары менен байланыштырууда.
Кыргызстанда апрель жана июнь айларында болгон коогалуу окуялардан кийин бир аз арзандаган кыймылсыз мүлктүн кайра кымбаттай баштаганы байкалууда. Адистер турак-жайдын кымбатташын күзгү сезонго жана элеттен борборго көчүп келгендердин саны көбөйүп жатканы менен байланыштырууда.
Кыргызстанда жайгашкан Орусиянын төрт аскерий жайы бирдиктүү аскердик түзүмгө биригет. Аскердик кызматташтык боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө бул багыттагы талаштуу маселелер жөнгө салынганы айтылууда.
7-апрелден кийин түзүлгөн ондогон элдик кошуундар өлкөнүн коопсуздугу үчүн бирикмей болду. 21-сентябрда алар биринчи курултайга чогулуп, кошуундардын макамын аныктап берүүсүн сурап президентке кайрылышты.
Бишкектин тегерегиндеги кырктан ашуун жаңы конуштардын 150 миңге жакын жашоочулары парламенттик шайлоодо добуш бере албай калышы ыктымал.
Орусия да, АКШ да Кыргызстандагы кырдаал турукташмайынча кандайдыр бир база, же машыгуу борборун ачууга белсенбейт, деп билдирет орусиялык стратегиялык-иликтөө институтунун илимий кызматкери, аскерий эксперт Владимир Карякин.
Дагы жүктөңүз