"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Бир катар саясатчылар, саясат талдоочулар автоунаадан көз жумган адам Медет Садыркулов болгон жана аны саясий буюртма менен өлтүрүлдү деп белгилеп жатышат. Башкалары бул окуядан бир жактуу тыянак чыгаруу эрте деп эсептешет.
Жаш болсо да мукам үнү, комузу менен кыргызга аты чыгып калган Кундуз Таштаналиева элдик салттык музыканын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө. Биздин маектеш учурда Кыргыз улуттук филармониясынын “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинде ырчы болуп иштейт. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Аялзат”) алкагында К.Таштаналиева менен маекти сунуштайт.
Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов “Президенттин ишмердигиндеги кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамдан экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү жоболорду алып салуу жөнүндө сунуш менен чыгууда.
Сыргак Абдылдаевдин энеси Гүлжамал Абдылдаева "Азаттыктагы" маегинде баласынын өмүрүнө кол салуунун себебин анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатканын билдирди.
Үй-бүлөлөрдө аялдарга зордук көрсөтүү фактылары жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Кыргыз омбудсмени институнунун маалыматына караганда, акыркы төрт жылда 5 000 зомбулук көрсөткөн факты катталды. Аларда жабыркагандардын дээрлик баары аялдар. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Аялзат”) алкагында маселеге кеңири кайрылат.
Кыргыз режиссеру Болот Шамшиев менен Маданият жана Маалымат министри Султан Раев 4-мартта АКШга сапар алышат. Ал жактан “Курманбек” эпосунун негизинде Голливуд менен тасма тартуу боюнча сүйлөшүүлөр өтмөкчү. Эгер иш оңунан чыкса, Орландо Блум, Киану Ривз же Бред Питт сыяктуу голливуддук актерлор Кыргызстанга келип калышы ыктамал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Болот Шамшиев билдирди.
Соңку мезгилдерде кыргыз жаштары арасында динге берилген кыздар көбөйүп баратканы айтылууда. Бүгүн хижаб кийген кыз-келиндерди байма-бай жолуктурууга болот. Дин эксперттери муну улуттук идеологиянын жоктугу, жан дүйнөнүн боштугу менен байланыштырышууда.
Тажикстан "кыргызстандык тыңчы" деп айыптап жаткан Мухаммади Салимзоданы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети “биздин кызматкер эмес” деп чыкты. Азыр анын кыргыз жарандыгын алган-албаганы териштирилүүдө.
Кыргызстандык студенттердин арасында ISIC картасын колдонгондордун саны өсүүдө. Муну менен алар транспорт, айрым дүкөн, эс алуу жайларында акчаларын үнөмдөп калганга мүмкүнчүлүк алышты .
Мамлекет маданий имараттарга өткөн жылдан тартып көңүл бура баштады. Буга чейин депутаттар өлкөдөгү көзгө сүртөөр имараттардын кейпи кетип калганын сынга алып келишкен. Баарынан да мамлекеттик цирктин имаратынын абалы аянычтуу.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу түбөлүк жар табуу кадыресе чоң маселе. Тандап алган жарыңа өмүр бою жылуу сезимди жоготпой жашоо, ортодогу сыйлоо, түшүнүү мамилелерин сактоо дагы өзүнчө бир чоң кеп.
Дарыгерлер барган сайын ашказан, ичеги карын оорулары менен кайрылган жаштардын саны көбөйгөнүн айтышууда. Алар мунун негизги себебин жаштардын тамак-ашына жакшы көңүл бурбагынына байланыштырышат.
Адистер акыркы кездерде кыргыздар жаңы төрөлгөн балага тарыхый аттарды коюуга аракет жасап жатканын белгилешет. Ошол эле учурда айрым тарыхчылар кыргыздын нукура аттары өчүп, кыргыз аттары арапташып баратат деп кооптонууда.
Бишкекте хиджаб кийгендиги үчүн мектепке барбай калган мусулман кыздардын укуктарын талкуулаган тегерек үстөл болду. Адистер ушунун айынан билим алуу укугунан ажыраган кыздардын көбөйгөнүн айтышууда. Акыйкатчы бул маселени дыкат изилдеп чыгуу максатында республикалык комиссия түзүүнү сунуш кылды.
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына 20 жыл болот. Бирок адистер арадан ушунча жыл өтсө да кыргыз тили өз деңгээлинде өнүкпөй келе жатканын белгилеп жатышат.
27-январь Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү. Деги эле ушул окуянын тегерегинде Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман кенен маек куруп берди.
Кыргызстанда беш миңден ашуун түрктөр окуп жана иштешет. Алардын дээрлиги кыргыз тилинде сүйлөй алышат. Арасында кыргыз жарандыгын алып, кыргыздан кыз алгандар да бар.
Учурунда "18 жаш","Таалайбек" аттуу ырлар менен белгилүү болгон булбул үндүү Зейнеп Шакеева азыр чыгармачылык менен көп алектенбей, небересин жетелеп үйүндө. Бирок эски ырларды жаңылап жаздырууну болжоп жүрөт.
Айрым саясатчылар Таласта болгон окуяны президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы катары баалап жатышат. Алар бийлик өз күчүн алдын ала көрсөтүп баштады деп айтышууда.
Адистердин айтымында, убакытты туура пайдалануу жашоодогу мүмкүнчүлүктөрдүн толук ачылышын камсыздайт. Өмүрдүн кадыр-баркына жетүү жана жашоого чыгармачылык мамиле жасоону үйрөтөт.
Дагы жүктөңүз