"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы музыкалык драма театрынын имараты жарактан чыгып, жаңысын куруу планын өкмөт жактырган. Бирок курулуштун долбоорунда театрдын аты белгисиз себептерден улам маданият үйүнө алмашып кеткендиктен театрдын жамааты жоюлуп кетеби деп кооптонуп жатышат.
Нарын облустук ооруканасында эмгектенген жаш дарыгерлер өз алдынча демилге көтөрүп “Жаш дарыгерлер” тобун түзүштү. Алардын максаты - жаратылышы катаал жерде аз маянага иштеген дарыгерлерди ар кандай иш-чаралар аркылуу жумушка шыктандыруу.
Нарын шаарында хоккей оюну боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи айлампасы башталды. Таймашка Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарынан жети команда катышып жатат. Бул жолку таймаш үч айлампадан туруп, этап-этабы менен өтөт. Ал эми финалдык оюндарын Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда.
Нарында милиция кызматкерине кол көтөргөн адам кармалып, камакка алынды. Тескөөчүлөр автоунаанын айдоочусуна барып, ал жол эрежесин сактабай жатканын эскертишкенде, айдоочу тартип сакчыларына баш ийбей, аларга кол көтөргөн.
Кара-Кечеден көмүр тарткан автоунаалардын салмагын текшерген транспорттук көзөмөл бекетинде учурда жетимиштен ашык автоунаа жылбай турат.
Нарын облустук администрациясынын алдында онго жакын аял жөлөкпулдар боюнча жаңы мыйзамга каршы ачкачылык жарыялап чыгышты.
Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектепте окуган окуучулар мектептин имаратында баштары ооруп, айрым убактарда эстерин жоготуп, жыгылып калышкандарын айтышууда.
Нарын жылуулук ишканасы көмүр ташып келип берген ишкердин акысын төлөй албай жатат.
Кара-Кече көмүр кенинде ушул тапта иш кандай? Өткөн жылы Нарын облусунда көмүр тартыш болгон. Быйыл бул көрүнүш бүт өлкөгө жайылбайбы деген кооптонуу эл арасында күчтүү.
Нарын шаарында бүгүн жөлөкпулдар жөнүндө жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциясы өттү. Элүү чакты киши облустук акимчиликтин алдына чогулуп, балдары үч жаштан өткөндөн кийинкилердин жөлөкпул алуу тартибин туура эмес болгонун айтышты.
Көмүр казган ишканалардын ишмердигине нааразы болгон миңкуштуктар Миң-Куш-Чаек жолун эки күн бою тосуп, тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн убадаларын алгандан кийин акцияны токтотуп, тарап кетишти. Жол тосуу учурунда элүүдөй автоунаа токтотулган. Миң-Кушта көмүр иштетүүчү жети ишкана бар.
Көмүр казган компанияларга нааразы эл Миң-Куш-Чаек жолуна шагыл төгүп, эки күн бою тороп турушту.
Облустун аймагындагы 24 аңчылык чарбасында жоопкерчилиги чектелген 20 уюм бар.
Ак-Талаа районундагы төрт айылды жана Тогуз-Торо районун Нарын облусу менен байланыштырган Нарын дарыясындагы көпүрө кулаганы турат. Кооптуу жагдай ушул жылдын июль айында аныкталып, көпүрөнү оңдоо үчүн бюджеттен 40 млн сом каралган. Бирок көпүрөнү оңдомок болгон тараптын ишинин натыйжасы да, бөлүнг
Расмий маалыматка караганда быйыл жыл башынан бери 84 өспүрүм өз жанын кыйган.
"Азаттыктын" дубандагы кабарчылары көчө кыдырып, кыргызстандыктар жаңы ишке келген президенттен эмнени күтөрүн сурашкан. Көбү жол көйгөйүн чечерине үмүттөнсө, башкалары чек ара маселесинин чечүүнү айтышат.
Нарын шаарында тасмаларды 3D форматында көрсөтүүчү чакан кинотеатр ачылды. Ал «Биздин тилек» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен ишке кирди жана түшкөн киреше кайрымдуулук иштерине жумшалмакчы.
Нарынга көчүп келген памирлик кыргыздар этнофестивалга катышты. Фестиваль Нарын районунун Куланак айылында болуп, памирлик кыргыздар менен жергиликтүү элдин каада-салттарындагы окшоштуктар менен айырмачылыктар көрсөтүлдү. Иш-чара памирликтерди Кыргызстандын жашоосуна көндүрүп, алардын элге тез арала
Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгү жүргүзгөн мониторингге ылайык аймакта сегиз миңден ашык кулжа, 12 миңге чукул тоо теке бар. Бирок адистер алардын саны жылдан жылга азайып баратканын айтып, коңгуроо кагып жатышат.
Памирден кош бойлуу болуп келип, Бишкекте көз жарган келиндин үй-бүлөсү Нарын шаарынан алты бөлмөлүү үйгө ээ болушту. 1 млн 180 миң сомдук бул турак жайды аларга президент белек кылды. Кыргызстанга келип, конуштуу болгон Абдыбаит Жээнбек уулунун үйүнө кабарчыбыз Мирлан Кадыров барып келди.
Дагы жүктөңүз