Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Көчөдөн табылган балдардын энеси эскертүү алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы районунда көчөдө жүрүп, үшүп калган балдардын апасын энелик укуктан ажыратуу маселесин атайын комиссия карады. Натыйжада балдардын энесине эскертүү берилди.

12-январда Ат-Башы айылынын борбордук көчөсүндө бактын түбүндө олтурган жети жана алты жаштагы балдарды жергиликтүү милиция кызматкерлери кечки саат сегиз чамасында байкаган. Караңгыда кароосуз калган балдар апасын издеп чыгышканын, суукка урунуп, үшүп калганын Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыкбеков билдирди.

- Кечки күзөттө жүргөн кызматкерлерибиз Ат-Башы айылындагы бейтапкананын алдында жүргөн эки кичинекей баланы көрүп калышыптыр. “Каяктан келдиңер, эмне кылып жүрөсүңөр?” деп ал балдарды милиция бөлүмүнө алып келишти. Бирок алар үшүп калганын байкап, дароо ооруканага жеткирдик. Алар жүргөн жерде эл көп болчу. Балким биз көрбөсөк жакын турган дүкөндөргө кирип жылынмак, бирок алар кароосуз жүргөн.

Ат-Башы айылы.
Ат-Башы айылы.

Ооруканада балдардын ден соолугу текшерилип, жардам көрсөтүлгөн. Сураштыра келгенде алар Ат-Башы айылына жакын жайгашкан Ача-Кайыңдыдан келгени белгилүү болду.

Балдардын ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы Бишкекке иш издеп кетип, эки бир тууганды таенеси багып жүргөн экен. Соңку окуядан кийин райондук администрациянын балдарды коргоо бөлүмү келинди шаардан чакыртып, аны энелик укуктан ажыратуу маселесин карады. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева айтып берди.

Ажар Дүйшөналиева.
Ажар Дүйшөналиева.

- Балдар иштери боюнча комиссия карады. "Балдарын эмнеге карабайт, энелик укуктан ажыратыш керек" деген сыяктуу ар кандай сунуштар болду. Бирок эне-баланы ажыратпайлы деген чечимге келдик. Энеси да ыйлап, "бардык жумушумду таштап, балдарымды багам" деп сөз берди. Азыр ал эч жакка кетпей балдарынын жанында. Эскертүү бердик. Кичине балдарын кароосуз калтырганы үчүн административдик айып салалы десек - бул үй-бүлө айылда социалдык колдоого муктажтардын тизмесинде. Ошондуктан эч кандай чара көрө албадык.

"Балдарды кичинесинен баккам"...

Балдардын таенеси, Ача-Кайыңды айылынын тургуну Седеп Сулайманова ал күнү тамак жасап жатып көчөдө ойноп жүргөн балдардын кайда кетип калганын байкабай калганын, "алыс кеткен жок" деген ойдо айылдан эле издеп жүрө бергенин айтууда.

Бир ай мурда энеси келип жандарында көпкө болуп, кайра кеткен. Анан улуусу "апама барабыз" деп, кичүүсүн ээрчитип качып кетип калып атпайбы.

- Бул балдар менин колумда. Кичинесин он айга толгондон баштап баккам. Энеси жокто жакшынакай эле жүрүшчү. Эшикке чыгып ойноп, кайра кирип эле... Бир ай мурда энеси келип, үйдө көпкө чейин жүрүп кайра кеткен. Анан улуусу "апама барабыз" деп, кичүүсүн ээрчитип алып качып кетиптир. Ошол күнү тамак жасап жатып алаксып калдым, болбосо жакшынакай эле багып жүрчүмүн.

Нарын шаарындагы "Аруу тилек" коомдук фондунун жетекчиси Жылдыз Капарова мамлекет балдардын апасын энелик укуктан оңой эле ажыратып койгону менен аларга энеден артык мээрим төгө албасын белгилейт. Ал балдарды эне-атадан ажыратуу тууралуу маселе көтөрүүдөн мурда үй-бүлөнүн абалына көңүл буруп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, психологиялык жардам берүү зарыл деп эсептейт.

- Энеден баланы ажыратып коюш бат эле. Бирок энесинен тирүүлөй ажыраган бала кандай акыбалда болот? Оңой эмес да. Ошол бала энесинин мээримин көрүп чоңойсо кийин балдарына да ошондой мээрим төгөт. Кароосуз калтырып койсо, анын себебин аныкташ керек. Балким балдарды багам деп иштеп жүрүп көңүл бөлө албай калгандыр? Бул чечимди чыгарууда аябай ойлонуш керек. Биз баланы энеден ажыратып алууга шашпай, ошол үй-бүлөгө жардам берүүгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана биз ал үй-бүлөдөгү социалдык оор кырдаалдан чыгара алабыз. Тилекке каршы, Нарында мындай учурлар көп кездешет.

Учурда "үч сааттай кароосуз калып кетти" деген балдар ооруканадан чыгып, энесине кайтарылып, мектепке бара баштады. Ата-энеси убагында аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да алган эмес экен. Райондук бийлик балдарга жөлөк пул чектеш үчүн тийиштүү кагаздарды камдай баштаганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG