"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
The Washington post гезитине чыккан макаладан соң Москва прокуратурасы оппозициядагы саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупция менен күрөшүү фондунун каржы булактарын иликтөөгө киришти.
Өзбекстандын күч органдары мамлекеттик саясатка каршы сүйлөгөндөр тууралуу маалымат топтоо өнөктүгүн жүргүзө баштады.
АКШ өкмөтү атомдук куралдарды кыскартуу боюнча эки тараптуу милдеттүү келишимге карабай, Орусия беш жыл ичинде баллистикалык ракеталар үчүн стратегиялык дүрмөттөрдүн санын көбөйткөнүн маалымдады.
2-апрелде Тоолуу Карабакта башталган куралдуу кармашта Азербайжандын 12, Армениянын 18 аскери жана жайкын тургундар да мерт кеткени айтылууда.
Тажикстандык белгилүү адвокат эл аралык уюмдарга кайрылып, чет элден жумуш табууга көмөктөшүүнү суранды. Ал өз мамлекетинде “Адвокаттык ишмердик жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши укук коргоочулардын жумушуна чектөө коюп жатканын белгилейт.
Өзбек бийлиги мамлекеттин башка облустарынан Ташкент шаарына жана Ташкент облусуна конокко келгендерди беш күн ичинде сөзсүз түрдө каттоого турууга милдеттендирген буйрук чыгарды. Аны аткарбагандар баш калаадан мажбурлап чыгарылат.
БУУнун эл аралык трибуналы 31-мартта Серб радикал партиясынын мурдагы лидери Воислав Шешелди бардык айыптар боюнча актады.
АКШнын Финансы министрлиги экономикалык санкцияларды ашыкча колдонуу Кошмо Штаттардын каржылык системасына зыянын тийгизип, башка мамлекеттерди долларды дүйнөлүк резерв валютасы катары кабылдоодон алыстатат деп эскертти.
Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга Египеттин учагын мажбурлап кондурган, борттогуларды “учакты жардырам” деп коркуткан жаран кармалды.
Вашингтондо АКШ конгресси жайгашкан Капитолийге белгисиз киши ок чыгаргандан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Казакстанда “Таблиги жамаат” уюмунун лидери аталган жаран менен анын эки санаалашы абакка кесилди. Соттолуучулардын жакындары мындай чечимге нааразы.
Эл аралык Amnesty International уюму Өзбекстандын түрмөлөрүндө кыйноолорго каршы өнөктүк башталганын жарыялап, өзбек бийлигине кайрылуу жолдоду.
Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаевди Интерпол Дубайда кармады. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси качан чечилери белгисиз.
Украинада киши колдуу болгон журналист Георгий Гонгадзенин сөөгү 16 жылдан кийин гана жерге берилди. Анын жакындары өлүмдүн себеби аягына чейин ачылбай жатканын, адилеттик үчүн күрөш уланарын билдиришти.
Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан BMW музейиндеги унааларды көргөнү жыл сайын 250 миңден ашуун адам келет. 5000 метр квадрат жерди ээлеп, бир канча кабаттан турган имаратта BMW тарыхында чыгарылган дээрлик бардык машинелердин үлгүсү экспонат катары коюлган.
Европа биримдиги менен Түркия ортосунда качкындар маселесин жайгаруу боюнча келишим түзүлдү. Европага мыйзамсыз кирген мигранттар 20-марттан тарта Түркияга кайра жөнөтүлөт.
“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун тузагына илинген 30 жаштагы тажик жараны согушкерлер арасында сегиз ай машыгып, катасын түшүнгөндөн кийин мекенине качып келди.
Орусияда иштеп жаткан чет элдик мигранттар арасында акыркы кездери эмгек акыга байланыштуу нааразылыктар күчөй баштады.
Өзбекстанда Нооруз майрамына жакын күч кызматкерлеринин “коомдук тазалоо” операциясы күчөдү. Ташкенде паспорт режими киргизилип, борборго “себепсиз” келгендер дароо кичи мекенине кайтканга мажбур болууда.
Өзбекстанда аткаминерлерди кол астындагы кызматкерлерге, карапайым элге сыпайы мамиле жасоого милдеттендирген жобо иштелип чыкты.
Дагы жүктөңүз