"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Европа парламенти Казакстанда сөз эркиндиги начарлап баратканын белгилеп, бийликтен журналисттерди ооздуктабоону суранды.
Германиянын Дрезден шаарында окуп, иштеп жаткан Дария Сакулова кыргызстандыктардын ашканасы тууралуу немисче китеп жазды. Каарманыбыздын айтымында, бул эмгек кыргыз тамак-ашы жөнүндө немис тилинде чыккан алгачкы китеп.
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында тажик аскерлери согушкерлер менен салгылашууда. 5-марттан бери жүрүп жаткан атышууда эки тараптан бирден адам өлүп, айрым согушкерлер кармалды.
Жекшемби күнү Орусиянын Киевдеги элчилигинин жанына чогулган жүздөгөн кишилер дипмиссиянин имаратына жумуртка, таш ыргытышып, орус желегин өрттөштү.
Москвада наристе кызды өлтүрдү деп шектелген өзбекстандык аялды сот эки айга камады. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуя тууралуу федералдык телеканалдар айткан жок.
Швециянын Сундсвалль шаардык соту Өзбекстандын жараны Юрий Жуковскийди көрүнүктүү диниятчы Обид Назаровго кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.
Москвада төрт жашар кыздын кесилген башын көтөрүп көчөдө жүргөн аял полицияга сурак берүүдө. Күч органдары билдиргендей, шектүү өзү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү наристени өлтүргөн. Аял Орусияга Өзбекстандын иштегени барганы аныкталды.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөгө туристтерди тартуу үчүн мамлекеттен бир жылга 50 миллион сом сурап жатат. Азыр бул тармакка 7 миллион сом гана бөлүнөт.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду мамлекеттик ипотекага берүү үчүн быйыл жазында аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү кура баштайт. Бирок азырынча канча үй курулары, ага канча каражат жумшалары так эмес.
Орусиянын белгилүү REGNUM агенттиги өткөн жумадагы апталык рейтингинде Кыргызстанды Москва менен мамилеси чыңалган өлкөлөрдүн катарына кошту.
Депутаттык мандатынан ажыратылган Элмира Жумалиева Жогорку Cоттун чечимин мыйзам бузуу деп атап, эми Конституциялык палатага кайрыларын билдирди. Ал сот чыгарган бүтүмдү жең ичинен жасалган иш деп сыпаттады.
Жалал-Абад облусундагы жарандар тобу BARS Kg invest деген аталыштагы коомдук фонддун үстүнөн даттанып, “Азаттыкка” кайрылышты.
Чүйдөгү кытайлар иштеткен Талды-Булак-Сол жээк кенинде жумушчулар маяна боюнча жамааттык келишимдин шарттарына жетекчилик көнбөй жатканына байланыштуу 11-январда бир саатка иш таштады.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан эки, “Ата Мекенден” бир депутатты мандатынан ажыратты.
2015-жылы Кыргызстанда диний чөйрөдө кандай окуялар, бурулуштар болду? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандын мурдагы муфтийи, аалым Чубак ажы Жалилов “Азаттык” радиосуна маек куруп берди.
Орусиянын “Биринчи канал: бүткүл дүйнөлүк желе” жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында өзгөчө макам берүү боюнча кыргыз-орус макулдашуусу коомдук талкууга чыгарылды.
Кыргызстандын таанымал инсандары узап бараткан 2015-жылдагы ийгиликтер жана өксүктөр тууралуу айтып, 2016-жылы тилеген тилектери, элге каалоолорун “Азаттык” аркылуу бөлүштү.
Кечээ таңкы саат 7лерге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, эки генератор өчүрүлдү.
Кыргызстанда эки күндө эки баланын киши колдуу болуусу жеткинчектердин коопсуздугу боюнча маселени кайрадан күн тартибине алып чыкты.
7-декабрь күнү Баткен районунун Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймагындагы Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары чатакташып, чогулгандарды жергиликтүү бийлик кечинде таратты.
Дагы жүктөңүз