"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Курманбек Бакиев бүгүн, 26-майда, мамлекеттик тилден экзамен тапшырды. Тил комиссиясы президенттикке талапкер К. Бакиев кыргыз тилинде жазат, сүйлөйт жана окуй алат деген тыянак чыгарды.
№31-абакта отургандар ачкачылык акциясын токтотушту. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы билдиргендей, 25-майда аталган колонияда айып абакка камалып ооздорун тигип алган үч абакташынын бошотулушун талап кылган айыпкерлердин баары ачкачылык жарыялашкан.
Президенттикке талапкерлердин алгачкысы - Дыйкандар партиясынын төрагасы Куттубек Асылбеков бейшембиде мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү.
17-май Гомофобия жана Трансфобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Бишкекте “Лабрис” коомдук бирикмеси сексуалдык азчылыктардын укугун коргоого чакырган үч күндүк арт-фестиваль уюштурду.
Патриоттуулук дегенди кыргыз жаштары кандай түшүнөт? Мекенди кантип сүйүп, кантип таанып, кантип баркташ керек? Жаштар кандай патриоттуулук менен жашап жатышат? “Азаттык+” Кыргызстандагы патриоттулуктун жүзү тууралуу талкуу уюштурду. Ага “Ак Шумкар Кут” жаштар уюмунун лидери Мирхамид Токтогул уулу менен жаш активист Мирсулжан Намазалиев катышты.
Бүгүн Бишкекте “Азаттыктын” угармандары наарызылык акция өткөрүштү. Элүүгө чукул адам Максим Горькийдин эстелигинин жанындагы аянтка чогулуп, үналгынын Улуттук канал аркылуу элге жеткирилишин бийликтен талап кылышты.
Бишкектеги айрым мектептердин мугалимдери жайында толук эс ала албай калуу коркунучунда турат. Мектеп жетекчилиги аларга 1-июнда каникулга тарап, 20-июлда кайра ишке чыгууга буйруган. Бирок мугалимдер отпуска маалында деле экзамен алып иштеп, натыйжада талапка ылайык эс ала албай калышаарын айтышууда. Алар бул өзгөрүүлөрдү президенттик шайлоо менен байланыштырып жатышат.
“Жаңы Кыргызстан” партиясы 8-майда курултайга чогулуп келерки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди колдой турганын билдирди. Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду өз катарынан чыгарды. Партиянын төрага орун басары Марат Кайыпов “Азаттыкка” бийликти колдоо менен анын кемчиликтерин көрсөтүү партиянын башкы максаты экенин айтты.
Бүгүн президент Курманбек Бакиев отуз чакты коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, бийлик менен биргелешип кызматташуусу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Иш-чарага катышуудан баш тарткан бейөкмөт уюмдардын бири, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Саясат таануучу Кубан Абдымен “Азаттыкка” “Ак жол” партиясынын курултайынан улам аталган партиянын ишмердүүлүгү тууралуу маек курду.
Кыргызстандагы күрттөр ассоциациясынын башчысы Рамазан Сеидов Москва районунун Петровка айлындагы жаңжал боюнча пикирин билдирип, “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык+” апта темаcына ылайык жумушсуздук, ишке орношууга арналган баян-маектерди сунуштап жатат. Тема алкагында Кыргызстандагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин жетекчиси Нурлан Аскаров маек курду.
Бишкекте 47 конуш бар. Алардын эң алгачкы түптөлгөндөрүнө ушул жылы, ушул айда туура 20 жыл толот. Көбүнчө жер басып алуулардын айынан түзүлгөн бул конуштар өгөйлөнүп, толгон-токой көйгөйлөрдөн арыла албай келет.
Бүгүн бүтүн Кыргызстан боюнча Бириккен элдик кыймыл уюштурган каршылык акциялары өтүп жатат. Митинг акциялары Бишкекте, Балыкчыда, Токмокто, Нарында, Таласта, Сузак районунда, Гүлчө айылында болуп жатканы жөнүндө маалыматтар келүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өнөктүгү башталганын жарыялады. Жогорку Кеңеш жума күнү Конституциялык Соттун чечиминин негизинде президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи.
Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясынын депутаты Алишер Мамасалиев “Келкел” жаштар уюмунун лидери болчу. “Келкел” март окуясынын башында турган. 24-мартты утурлай А. Мамасалиев “Азаттыкка” кеңири маек курду.
Кыргызстанда 17-марттан баштап балдарды эне сүтү менен багууну коргогон мыйзам ишке кирди. Мыйзамга ылайык, өлкөдө алты айга чейинки балдар үчүн кошумча тамактарды рекламалоого айрым чектөөлөр кирет.
21-февралда атайын комиссия Түптөгү “Мээрим Булагы” балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын абалын текшерди. Бул балдардын кийинки тагдыры мына ушул иликтөөнүн жыйынтыгына жараша чечилгени жатат.
Бишкектеги Жаштардын эмгек биржасы февралдын башында иш орундардын кезектеги жарманкесин өткөрдү. Мурдагыларга салыштырмалуу бул жарманкеде куруучуларга болгон керектөө кескин азайганы байкалды.
Балдарды коргоо департаменти, Балдар укугун коргоочулар лигасы Баш прокуратурага “Мээрим Булагы” балдар үйүнүн деректири балдарды мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгууда, диндерин алмаштырууда, деп арыз жолдоду.
Дагы жүктөңүз