"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Феликс Кулов өкмөт башчы болуп турганда Улуттук гвардияга таандык жердин жана ал жердеги имараттардын жеке курулуш компаниясына берилиши боюнча козголгон кылмыш иш токтоп турат.
ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанда сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар коомдук-саясий кырдаалга таасир этерин жана бул коопсуздукка коркунуч алып келиши ыктымалдыгын эскертти.
Кыргызстанда орусча үлгүдөгү фамилиялардан баш тартуу, башкача айтканда, аты-жөнүн “ов”, “ова” деген мүчөлөрдү кошпой жазуу демилгеси көтөрүлүп жатат.
Келдибековдун адвокаты 3-мартта коррупцияга жол берген деген кылмыш ишти мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтирди.
“Ата-Журт” саясий партиясын негиздегендер аталган партия азыркы лидерлерине убактылуу гана берилгенин айтып, кайра кайтарып алганы жатат.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл деп айтылып жүргөн Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевди күнөөлөп, аны өткөрүп берүүнү Минскиден талап кылды.
Өкмөт Кумтөр боюнча парламентке ушул жумада отчет берет. Буга чейин "Республика" фракциясы Кумтөр боюнча ушул айда чечим кабыл алынбаса, өкмөттүн отставкасын талап кылышарын жарыя кылган. Бирок келишими али даяр эмес.
Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү аттыккан Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча Беларуста кылмыш иши козголду.
Белгилүү ишкер Райкан Алкановдун жактоочусу Талас шаардык сотунун чечимине макул эместигин билдирип, доо арыз жолдоду.
Бишкекте аскер кызматкерлердин укуктары боюнча жыйында кыргыз армиясынын шартынын начардыгы, зордук-зомбулук, мындан улам өз өмүрүнө өзү кол салуу өңдүү көрүнүштөр азайбай жатканы айтылды.
Ошто кримчөйрөнүн анабашы атыккан, “Жеңго” деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго үчүнчү жолу издөө жарыяланды.
Парламенттеги КСДП фракциясы депутат Турсунтай Салимовго таандык оюн-зоок жайында тартылган видео тасма боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.
Бишкекте окуп, иштеп жаткан же конокко келген айрым чет өлкөлүк жарандар кыргыз милициясынын аларга кылган мамилесине нааразы.
Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясы Токтогул ГЭСи тууралуу мыйзам долбоор даярдап жатат.
Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айыл өкмөтүнүн тургундары кытайлык компанияга жер берилишине каршы болуп жатат.
Милиция 11-февралда “Элдик лотерея” компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсесин тинтүүгө алды.
Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айыл өкмөтүнүн тургундары кытайлык компанияга жер берилишине каршы болууда. Алар өкмөт жер берүү боюнча токтомун жокко чыгарбаса, кескин чараларга барарын эскертүүдө.
Маңзат соодасы боюнча Баткенде милицияда жана чек арада жооптуу кызматта иштеген ага-ини бир туугандар кармалды.
Жогорку Кеңеште Ош аба майданындагы соңку карактоого аталган аэропорттун жетекчилиги, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, айрым саясатчылардын тиешеси бар болушу мүмкүндүгү айтылды.
Шопоков шаарындагы эки кабаттуу бейтапкана аялдардын кризистик борборуна берилгени менен иштебей турат.
Дагы жүктөңүз