Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Анапияев делген адамдын өлүмү иликтенип жатат


Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя, 2013-жыл
Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя, 2013-жыл

Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү аттыккан Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча Беларуста кылмыш иши козголду.

Кечээ, 19-февралда Анапияевдин сүрөтү чапталган, бирок аты-жөнү Алмазбек Шакиров деп жазылган Орусиянын паспортунун жана Минск шаарында бычакталды делген Анапияевге түспөлдөш адамдын канжалаган денесинин сүрөтү жарыяланды.

Кыргызстанда оор айып тагылып, бир канча жылдан бери издөөдө жүргөн, коомчулукта ача пикир жараткан Анапияев жана анын өлтүрүлүшү түрдүү божомол жаратты.

Беларустун Тергөө комитетинин билдиришинче, 18-февралда Минск шаарынын Москва районундагы көчөлөрдүн биринде, унаанын багажнигинен бычакталып өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган. Аталган комитеттин өкүлү Юлия Гончарова бул фактыны атайын топ иликтеп жатканын маалымдады:

- Тергөө комитеттин борбордук аппаратынын тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн турган топ иштеп жатат. Чукул иликтөө - тергөө иштери жүрүүдө. Бир катар экспертизалар дайындалды. Өлгөн адамдын тек-жайы такталып жатат. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Анапияевдики делген паспорт
Анапияевдики делген паспорт

Алмамбет Анапияевге байланыштуу Минск Кыргызстандын күч органдарына азырынча расмий маалымат жөнөтө элек. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, учурда Минскиге суроо-талап жолдонду:

- Анын өлтүрүлгөнүн эки жол менен гана аныктаганга болот. Биринчиден, экспертизалардын жыйынтыгын күтүү керек. Экинчиден, анын адвокаты жана туугандары Минскиге сөөгүн тааныганга барабыз деп жатышпайбы. Эгер тааныса, ошолор тастыкташы керек. Ал 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн. Интерполго ошондо болгон маалымат жөнөтүлгөн.

Бакыт Сейитов Алманбет Анапияевдин сүрөтү чапталган, бирок аты-жөнү Алмазбек Шакиров Мийзамович деген паспорт жана анын ээси боюнча маалымат берди:

- Ошондой ысымдуу адам бар экен. Бир канча жыл мурун эле Орусиянын жарандыгын алыптыр, көп жыл мурда паспортун жоготуп жиберген имиш. Качан жоготкону белгисиз. Кылмыш топторго тиешеси жок деген маалымат бар. Бирок тактап жатабыз.

Анапияев эл аралык издөөгө жарыяланган
Анапияев эл аралык издөөгө жарыяланган

Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну, 42 жаштагы Алмамбет Анапияев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун активдүү мүчөсү катары белгилүү болчу. Анын криминалдык атагы маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жанында жүргөндө чыккан. Эркинбаев киши колдуу болуп өлгөндөн кийин анын ордуна “Алыш” күрөш федерациясынын башчысы болуп дайындалган.

Милициянын маалыматы боюнча, Анапияев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин түштүктөгү өкүлү болгон жана ошол региондогу маңзат соодасын толугу менен көзөмөлдөп турган. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев менен жакын мамиле куруп, анын бир катар кылмыштуу буйрутмаларын аткарып келген.

Ички иштер министрлиги Бакиевдин администрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө Анапияевдин тиешеси бар деп жарыялаган.

Тирешүүнүн кесепети тийдиби?

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков Анапияев өлтүрүлдү деген маалымат дыкат текшерилиши керек деп эсептейт:

- Айрым кримтөбөлдөр өздөрүн өлдү деп, башка бирөөнүн атына катталган жалган документ, өздөрүнө түспөлдөш адамды коюп, изин суутууга ар кандай аракеттерди кылган тажрыйба бар. Анткени Анапияевге Интерпол аркылуу биздин тартип коргоо органдары издөө жарыялаган. Бул кайсы жакка качарын билбей, ушундай кадамга барышы мүмкүн. Анын өлтүрүлүшү боюнча экспертизанын, иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча бир нерсе айтуу кыйын.

Кандай болгон күндө да Анапияев жана анын өлтүрүлүшү боюнча түрдүү жоромол айтылып жатат. Оштогу аба майдандагы ири суммадагы акчаны карактоого Анапияевдин тиешеси бардыгы, ал акча Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө таандык болгондугу, мындан улам “каралар” өздөрү өч алды деген бир божомол бар.

Азиз Батукаев
Азиз Батукаев

Ушул тушта Беларуста жашап жаткан мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин колунан келди деп да айтылууда.

Ошондой эле Анапияевдин өлтүрүлүшүн кылмыш дүйнөсүнүн дагы бир таасирлүү анабашы Азиз Батукаев менен да байланыштырып жатышат. Себеби ушул айдын башында Москвада кыргызстандык кылмыш топтор тирешип жатканы тууралуу маалымат тараган. Кыргыз милициясынын Орусиядагы өкүлү кримчөйрөдө “Чач” жана “Сакал” деген каймана ат менен таанымал адамдардын топтору тирешип жатканын билдирген. Маалыматка караганда “Чач” Анапияевдин, ал эми “Сакал” Азиз Батукаевдин тобунан болгон.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Анапияевди өзүнүн жансакчысы бычактады деген божомолдон улам мунун артында таасирлүү топ же адам турат деп эсептейт:

- Болгондо да жанында жүргөн жансакчысы колдуу болду деген маалымат кетип жатпайбы. Жансакчылыкка өтө ишенимдүү адамдарды алат да. Эгер ушундай болгон болсо жансакчысын өтө таасирлүү адамдар, же топтор кандайдыр бир жол менен сатып алган, же өздөрү ушундай жолго барууга түрткөн. Бул жөнөкөй адамдын колунан келбейт.

Алмамбет Анапияев тууралуу кыргыз коомчулугунда эки ача пикир бар. Өткөн жылы аттуу-баштуу спортчулар Анапияевди жактап, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кылмыш төбөлүн ачык эле актап-жактап келген. Журналисттер арасында да кир жугузбай мактап жазган, өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырган, Анапияевдин сыйын көргөндөр чыккан. Баатырга теңеп ыр чыгарган акындар да болгон.

XS
SM
MD
LG