Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Анапияевди актоо аракеттери сынга кабылды


Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя, 16-январь, 2013.
Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя, 16-январь, 2013.

Милиция уюшкан кылмыш тобунун анабашы деп тааныган Алманбет Анапияевдин тегерегиндеги талаш-тартыш коомчулукта сынга кабылууда.

Укук коргоо органдарынын укуругунан качып, чет өлкөдө жүргөн бул адамга адилет соттук териштирүүнү камсыздоо боюнча айрым спортчулардын мамлекет башчысына кайрылуусуна ички иштер министрлиги жооп кайтарды. Анапияевдин адвокаттары болсо кайрылууга кол койгон спортчуларга басым көрсөтүлүп жатканын айтып чыгышты. Ички иштер министрлиги Анапияев бир нече оор кылмышка шектелип жатканын белгилеп, анын июнь окуясындагы талап-тоноочулукка катышы бардыгы тууралуу да маалымат бар экенин жарыялады. Адистер кылмыш дүйнөсүн башкарган адамдын айланасында болуп жаткан талаш-тартыштын өзүн коомго жат көрүнүш катары баалашууда.

Спортчулардын "спорттук" демилгеси

Анапияевге коюлган айыптоолорду акыйкат териштирүүнү талап кылган кайрылуу туурасында депутат Тынчтыкбек Шайназаров парламентте маселе көтөргөн. Кайрылууга кол койгондордун арасында Каныбек Осмоналиев, Орзубек Назаров, Жанбулат Амантаев, Канат Бегалиев, Александр Воинов жана Айсулуу Тыныбекова сыяктуу таанымал спорт өкүлдөрү бар экени жарыяланган.

Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев кылмыш ишин калыс териштирүүнү талап кылган кайрылууга кол койгонун тастыктады:

- Кайрылууда анын ишине туура баа берип, айыбы болсо соттоп, айыбы далилденбесе бошотсун деген үчүн гана мен ага кол койгомун. Анан Анапияевдин спортко жардам көрсөткөнү жазылган экен. Эгер туура жагы болсо мен кандай болсо дагы жардам берүүгө аракет кылам дегемин. Бирок иштин жакшы жагына гана дегемин. Мен калп сүйлөгөн киши эмесмин.

Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги мамлекет башчыга жолдонгон кайрылуудагы колдор жасалма деген билдирүү тараткан болчу. Анда ага кол койгон отуз алты спортчунун жыйырмасы кат тууралуу билген эместиги айтылган.

Алманбет Анапияевдин адвокаты Данияр Маманов кайрылуунун мазмуну бурмаланып, ага кошулган спортчуларга басым көрсөтүлүп жатканын белгиледи:

- Мына ошол кайрылуу жасалма жана жалган дегени ошол спортчулардын конституциялык укугун бузуп, алардын беделин тебелегенге жатат. Анапияевдин иши боюнча ага коюлган айыптоолорду тастыктай турган бир дагы көрсөтмө же далил жок. Анан мына ошонун бардыгын эле курулай доомат менен божомолдоп эле каралап жатса, туура болобу?

Июнь окуясынын илинчеги

Ички иштер министрлиги Анапияевге Кылмыш-жаза кодексиндеги каракчылык, адам уурдоо, курал алып жүрүү жана уюшкан кылмыш тобун түзүү сыяктуу оор кылмыш беренелеринин негизинде айыпталып жатканы боюнча маалымат таратты. Анапияевге козголгон кылмыш иштеринин негизинде ага 2011-жылы эл аралык издөө жарыяланган.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев учурда Анапияевге кошумча кылмыш ишин ачууга негиз болчу маалыматтар пайда болгонун баса белгиледи:

- Учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Анапияевдин мындан башка кылмыштарга тиешеси боюнча кошумча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анткени бизде Алманбет Анапияевдин 2010-жылы июнь коогасында талап-тоноочулукту уюштуруп жана бирөөлөрдүн менчигин тартып алганы боюнча маалыматтар чыкты. Мына ошол мүлктөрдү басып алып, аларды башка бирөөлөргө каттатуу аркылуу тартып алган фактылар учурда текшерилүүдө.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча 2003-жылы карактоо беренесинин негизинде Кадамжай райондук соту Анапияевди тогуз жылга соттогон. Бирок ал иш кийин кыскартылган. 2004-жылы ошол эле иш Ош шаардык соту тарабынан каралып, кайра жанданган. 2005-жылдан кийин бул иштин эмне менен бүткөнү белгисиз.

Талдоочулар уюшкан оор кылмыштарды жасаган адамдын айланасында жүргөн кызуу талаш-тартыштын өзүн коомго жат көрүнүш катары карашууда. Анапияевди колдоп, мамлекет башчыга чейин кайрылуу жолдогон бул өнөкөттү бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүнө көлөкө түшүрөт деп баалагандар бар. Буга Батукаевди мыйзамсыз бошотуу аркылуу мыйзамдын бардыгына бирдей эместигин “үлгү” көрсөткөн бийликтин катачылыгы мисал.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Марат Иманкулов бийликтин уюушкан кылмыштуулукка каршы кагаз жүзүндө күрөшүп жатканын сынга алды:

- Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болгондо мындай болмок эмес. Анапияев келсе мындай болот, келбесе андай болот деген талкуунун өзү туура эмес. Биздин тиешелүү органдар эгерде ага карата иш болгондон кийин аны бул жакка алып келип, кылмышын далилдеп, соттош керек болчу. Бул деген мына ошол уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш деп коюп, бирок жыйынтыгы башкача болгондун белгиси. Анан эми Анапияев 4 жылдан бери кармалбайт, ал эми спорт коомчулугу кошулуп алып, ага мамлекеттен кепилдик талап кылып жатканын кандай түшүнүш керек. Бул биздин аң-сезимибиздин криминалдашып кеткенин түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG