Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Батукаев боюнча сот чечими өзгөрдү


Азис Батукаев Нарындагы абакта жаткан кезде тартылган сүрөт.
Азис Батукаев Нарындагы абакта жаткан кезде тартылган сүрөт.

Нарын шаардык соту 8-майда кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Азиз Батукаев боюнча баштапкы чечимин жокко чыгарды.

Былтыр апрелде "Батукаев айыккыс дартка чалдыккан" деген жүйө менен сот аны абактан мөөнөтүнөн мурда бошоткон эле. Баш прокурор Аида Салянова өткөн айда Жогорку Кеңеште жаңы жагдайлардан улам Батукаев боюнча кылмыш иши жанданганын, ага эл аралык издөө жарыяланышы ыктымалдыгын билдирген.

Батукаевдин абактан эрте чыгышы коомчулукта чоң талкуу жаратып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда буга тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо өкмөткө тапшырылган. Бирок өкмөт эмгиче ал токтомду аткара элек.

Азиз Батукаев боюнча баштапкы чечимди жокко чыгаруу тууралуу сотко прокуратура кайрылган. Анда кылмыш иштеги жаңы жагдайлар жүйө келтирилген. Баш прокурор Аида Салянова өткөн айда парламентте отчет берип жатып, жаңы жагдайлар Батукаевдин ден соолугуна байланыштуу экенин маалымдаган:

- Батукаев боюнча ар кайсы дарыгерлер ар кандай божомолдорду айткан эле. Ушундай оору менен жүрсө ушунча ай гана жашайт деген тыянак чыгарышкан. Оперативдүү маалымат боюнча анын тирүү экенин билген үчүн биз ушундай кадамга бардык. Жаңы жагдайлар боюнча деп өндүрүш ачтык. Батукаев бошоп жаткан учурда билинбеген, кийин билинип калган фактылар боюнча материалдарды чогултуп, сотко кайрылдык. Көп жагдайлар Жогорку Кеңеш иликтеп жатканда билинди. Ушундан улам биз көп нерселерди текшерип көрөлү дедик.

Бөдөш Мамырова.
Бөдөш Мамырова.
Батукаевге байланыштуу биринчи кылмыш иш былтыр жайында козголгон болчу. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырылган. Бирок атайын кызмат тергөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кылмыш ишти былтыр ноябрь айында токтоткон. Башкы прокурор Салянова Кыргызстан Орусияга Батукаев тууралуу кат жолдогонун, бирок Москвадан Батукаев Чеченстанда эмес деген билдирүү келгенин айткан. Ага эл аралык издөө жарыяланышы ыктымалдыгын белгилеген.

Парламентте айрым депутаттар өкмөттү Батукаев боюнча токтомду аткарган жок деп сындап келишет. Алардын бири Жогорку Кеңештин төрага орун басары, “Ар - намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова:

- Биз Батукаевди мыйзамсыз чыгардыңар деп туруп ушул аткаминерлердин жоопкерчилиги каралсын деп, өкмөттүн бир топ мүчөлөрүн жазып бергенбиз. Буга Сатыбалдиевдин өкмөтү да унчуккан жок, азыркы өкмөт да унчукпай жатат. Коштоп, аэропортко чейин узатып барып жөнөтөрүн жөнөтүп коюп, эми кайра сот токтомунун жокко чыгарганынын кимге кереги бар?

“Ата Мекен” фракциясынан депутаты Туратбек Мадылбеков бул маселе жакында көтөрүлөрүн айтууда:

- 21-майда парламентте өкмөттүк угуу болот. Ошондо биз өкмөткө бир жыл мурун берген тапшырмалардын аткарылышын сурайбыз. Ошондо суроо-жооптор менен айрым жагдайларды тактайбыз.


Батукаев иши боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Батукаев иши боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Батукаев боюнча кызуу талкуу жүрүп жаткан чакта жарандык коомдун өкүлдөрү аны бошотууга тиешеси бар аткаминерлерди жоопко тартуу тууралуу бийлик башчыларына кайрылуу жолдогон. “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова Батукаевди кайра Кыргызстанга алып келүү аракетинен майнап чыкпайт деп эсептейт:

- Батукаевди аткаминерлер чыгарды. Сот бир чечим чыгарып, аны кайра өзгөртүп, бул эмне аларга оюнчукпу? Батукаев болду, кетти да. Аны ким алып келмек эле? Батукаев эле эмес качып кеткен башка аткаминерлерди деле алып келе албай жатышпайбы. Болду эми, Батукаев келбейт.


Депутаттык комиссия “кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотууну бийлик жетекчилери алдын ала жең ичинен сүйлөшүп алып ишке ашырган” деген тыянак чыгарган. Ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын ал мезгилдеги башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини чукул арада кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Аты аталгандардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кеткен, ал эми ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акунду Жогорку Кеңеш кызматтан алган.

Өткөн аптада Акун Батукаевге байланыштуу атайын кызматка суракка чакырылганын “Азаттыкка” кабарлаган. Бирок бул иште аны менен чогуу айыпталган башка аткаминерлер менен бирге гана суракка барарын айткан.

XS
SM
MD
LG