"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Сириядагы “Ислам мамлекети” радикалдык тобунун катарында согушуп жүрөм деген тажик жараны "Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде, дүйнө жүзүнө, Американын түпкүлүктүү калкына чейин исламды кабылдатып, аларга борбор азиялыктардын топусун кийгизем деген кыялы менен бөлүшкөн.
Apple компаниясынын соңку үч айлык кирешеси мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, 18 млрд. долларды чапчыды. Эксперттер мындай кирешени iPhone-6 смартфонунун сатыкка чыгышына байланыштырат.
Астанада Казакстандын чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант Нурлан Жоламановдун иши карала баштады. Соттун дүйшөмбүдө өткөн жыйынында Жоламанов ага каршы козголгон кылмыш ишин жасалма, саясий буюртма деп атап, айыптарды четке какты.
Казакстан батышындагы Березовка айылындагы мектепте шейшемби күнү сабак учурунда дагы он эки бала эсин жоготту. Алардын көбү өткөн жылы ноябрь айында белгисиз газга уулангандар экени маалым болду.
Кыргызстандык жаштардын көбү чет өлкөдө билим алууга кызыгат. Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык, ондогон, балким жүздөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.
Чет өлкөдө билим алуунун жолдору
Баатыр Алымкулов Германиянын Эрфурт шаарындагы Эрфурт университетин эки ай мурун аяктады. Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, Германиядагы окуу системасы жана ал жакта билим алуу үчүн эмнелер талап кылынаары тууралуу айтып берди.
Кыргызстандык көпчүлүк жаштар чет өлкөдө билим алууга кызыгышат. Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык. АКШдагы, Европадагы, Жапониядагы, Кытайдагы, Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү окуу жайларга өтүүнүн жол-жобосу кандай? Бул үчүн даярдыкты эмнеден баштоо керек?
Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Жаңы жылды тосууга шарият уруксат берет деп эсептейт. Буга далил катары башкармалыктын сайтында жарыяланган атайын фатвада Курандын аяттары келтирилген.
ЕККУ болсо Эркин Европа/Азаттык радиосунун Бакудагы бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп баалады.
Индонезиянын вице-президенти Юсуф Калла Индонезиядан Сингапурга сапар алып, дайынсыз жоголгон учак кулап, кырсыкка кабылышы мүмкүн деп болжолдоду.
Жекшембиде Бакуда Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын бир нече кызматкери күч менен суракка тартылды.
Түндүк Кореянын айрым интернет серверлери тогуз сааттык үзгүлтүккө учураган соң кайра иштей баштады.
Түштүк Кореяда үч жарым миңдей кыргыз жарандары бар экени айтылып келет. Алардын көбү ишканаларда, негизинен оор жана кооптуу жумуштарда иштешет.
Орусияда иштеп жүргөн ар бир кыргызды учурда жаңы жылдан кийинки миграция жаатындагы өзгөрүүлөр түйшөлтүүдө.
Түркияда оппозициячыл диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен ондогон медиа-каражаттарынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Украин президенти Петро Порошенко Москвадан өлкө чыгышындагы козголоңчуларды колдоону токтотуп, өз аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылды.
Орус акчасы-рублдун кунунун качышы менен Орусиядагы кыргыз мигранттарынын кирешеси 30-40%га азайганы айтылууда. Бул канчалык негиздүү?
Дүйшөмбүдө Москва биржасындагы соодада доллар 52 рублдан ашып, ал эми евро 66 рублга жетти. Бир күндүн ичинде орус акчасынын дээрлик төрт пайызга арзандашын Рейтер агенттиги 1998-жылдан берки эң чоң төмөндөө деп баалады.
Расмий Астананын соңку маалыматына ылайык, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун катарында 300дөй казакстандык бар. Алардын дээрлик жарымы аялдар.
Дагы жүктөңүз