"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн Ош шаарында өткөргөн жыйыны үзгүлтүккө учурады.
Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн бүгүн Ош шаарындагы “Аристократ” ресторанында уюштурган жыйыны үзгүлтүккө учурап, “Дархан” чайханасында чогулган жеринен да белгисиз аялдар тобу кууп чыкты.
Ошто көмүр кымбаттай баштады
Кара-Суунун Жийделик айылындагы мектепте мигранттардын балдарына орус тилин жана компьютерди үйрөтүү борбору ачылды.
14-сентябрда Оштун Өзгөн районунун Ак-Жар айылында Алма фестивалы өттү.
Ошто жаш келиндерди уурдоо аракеттерине байланышкан факты боюнча милиция иликтөө жүргүзүүдө.
Коңшу өлкө аркылуу агып келген Савай каналын Өзбекстан жаап салды. Мунун айынан Кара-Суу районундагы эки айыл округдун эгин талаасы кургап жатат.
Fergananews.com маалымат агенттигинин сырт кабарчысы Шохрух Саиповду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу бөлүмү сотко берди.
Расмий маалыматтарда Ош шаарынын калкы 280 миңдей деп айтылган менен калаада жашагандардын реалдуу саны 500-600 миң экени бейрасмий булактарда белгиленет. Ошол себептүү шаар жыл сайын өйдөгө өсүшү керек дегендер четтен табылат. Түштүк борбор калаада учурда "курулуш буму" жүрбөгөн менен, анча-мынча көп кабаттуу үйлөр салынып башталды. Бийиктен караган кишиге маале, жер үйлөр менен кошо анча-мынча бийик имараттар да көзгө чалдыгат.
Барак эксклавынын тургундарын жаңы конушка которуу үчүн өкмөт үч миллион доллар бөлдү. Бирок эксклав жашоочулары жер коңшу өлкөгө берилеби деп кабатыр.
Аравандык багбан Шавкат Байбабаев менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда болгон окуянын видеосу интернетте жайылды.
Бишкектин Горький көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу имарат боюнча талаш бүтө элек. Транспорт министрлиги 2006-жылга чейин аларга караштуу имаратты «Оргтехстрой» ишканасы мыйзамсыз менчиктештирип алганын айтууда.
Орусиянын "Чет элдик жарандар" жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эми бул өлкөгө иштегени келгендер максатын так көрсөтүшү керек.
Электр линияларын чыңдоо менен бирге газсыз калган Ошту суюлтулган газ менен жабдуу долбоору ишке кирди.
Интернетке Каракол мэриясынын аппарат жетекчиси Абай Алымкуловго байланыштуу чуулуу тасма жайылды. Анда Алымкулов жашап жаткан батири үчүн 41 миң сомду төлөбөй жатканы айтылат.
Бишкектеги “Кудайберген” тетик базарынын соодагерлери убактылуу кармоочу жайда жаткан базардын кесиптик кошуунунун төрагасы Нурлан Данияровду бошотууну талап кылышууда.
Өзбекстандын бир катар маалымат сайттары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери Канатбек Шаршенбек Ташкенге аракты мыйзамсыз ташыганын жазып чыгышты.
Газсыз калган Ош шаары кыштан кантип чыгуунун жолдорун издөө менен алек.
Ордо калаада дүйшөмбү күнү кичи автобустардын - маршруттук каттамдардын айдоочулары ишке чыккан жок.
Дагы жүктөңүз