Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Борбор Азия

Евробиримдик Алишер Усмановду Путиндин жакын өнөктөшү жана анын байлыгын сактоочулардын бири деп эсептейт.
Евробиримдик Алишер Усмановду Путиндин жакын өнөктөшү жана анын байлыгын сактоочулардын бири деп эсептейт.

Евробиримдик президент Путиндин жакын санаалашы саналган орусиялык 26 атактуу олигархка катаал санкцияларды салды.

Санкциялар биринчилерден болуп өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго да тиешелүү. Бул чаралар олигархтын Европадагы активдерин камап, анын кыймыл-аракетин чектейт. Ошол эле кезде санкцияга Орусия менен Европада жез жана аскердик авиациялык өндүрүш менен алектенип, бирок санкциялык тизмеге кирбей калган Усмановдун башка бизнес өнөктөштөрүнүн дагы ысымдары атала баштады.

"Путин режиминин байлыгын жашыргандар"

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Путиндин олигархтарына улам чектөө киргизип жаткан чакта, чех медиасы Орусиянын согуштук машинасына кызмат өтөгөн өзбек тектүү миллиардердин санкциялык “кара тизмеге” кирбей калганын казып чыкты.

Кеп өзбек миллиардери Искендер Махмудов жөнүндө болууда. Ал Чехиянын четки шаарчасындагы авиазаводго ээ болуп, орус басма сөзүндө "жез падышасы" деп аталып келген. Ал Орусиядан Европага жез ташып, сатып турганы белгиленди.

Өзбекстандын Бухара шаарында туулган 58 жаштагы Искендер Махмудов Уралдагы тоо-кен-металлургиялык компаниясынын негиздөөчүсү экени анын расмий сайтында жазылган. Forbes журналы 2021-жылы Искендер Махмудовдун байлыгын 8 млрд. АКШ долларына баалаган. Ал ошондой эле Орусиядагы жана чет өлкөлөрдөгү 300дөн ашуун компаниялардын негизги акционери катары көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, Искендер Махмудов Орусиядагы Калашников курал-жарак концернинин негизги үлүшүнө да ээ. АКШ 2018-жылы "Кремл баяндамасына" киргизген 96 орус олигархынын бири.

Баяндама жарыялангандан көп өтпөй Путин аны Орусияда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" деген жогорку мамлекеттик орден менен сыйлаганы белгилүү.

2019-жылы Искендер Махмудов АКШ менен Европадагы каржылык чатактын чордонунда калган. Анткени ошол эле жылы Швециянын Swedbank банкы Орусия Крымды аннексиялангандан кийин киргизилген санкцияларды бузууга айыпталган. Атап айтканда, банк Махмудовго Орусиянын Калашников курал концернинин АКШдагы эсебине 1 миллион доллардан ашуун акча которууга жардам бергени үчүн айып тагылган.

АКШнын Юстиция министрлиги бул иш боюнча акыркы чечимин чыгара элек.

Искендер Махмудов, орусиялык олигарх, "Урал тоо-металлургиялык компаниясынын" президенти. Сүрөт Орусиянын президентинин ири бизнес өкүлдөрү менен Москвадагы жолугушуусунда тартылган. 19-декабрь, 2014-жыл.
Искендер Махмудов, орусиялык олигарх, "Урал тоо-металлургиялык компаниясынын" президенти. Сүрөт Орусиянын президентинин ири бизнес өкүлдөрү менен Москвадагы жолугушуусунда тартылган. 19-декабрь, 2014-жыл.

Путинге жакын олигархтардын тизмеси дүйнө жүзү боюнча түзүлүп жаткан чакта, Искандер Махмудовдун ысымы кайрадан европалык басылмалардын көңүлүн бурду.

Махмудовдун Чехиядагы авиазаводу

Чехиянын Seznam агенттиги Орусиянын аскер өндүрүшүн тейлеген Искендер Махмудовдун Европадагы авиазаводуна коомчулуктун көңүлүн бурду.

Махмудов Чехиянын Словакия менен чектешкен Куновице шаарындагы бул авиазаводдун кожоюну. Ишкана Aircraft Industries компаниясына таандык. Ал эми бул компания өз кезегинде Махмудов иштеткен Орусиянын Урал тоо-металлургиялык компаниясына карайт.

Завод "L-410" учактарын чыгарат. Учактардын негизги сатып алуучусу - Орусия. Маселен, 2017-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги анын "L-410" үлгүсүндөгү 18 даана учагын сатып алган.

"Мен экономист эмесмин, бирок орусиялык алдыңкы олигархка таандык бул компанияга биринчилерден болуп санкция салынышы керек. Өзгөчө, анын өндүрүшүнөн чыккан жабдууларды орус армиясы колдонуп жаткан болсо", - деди Чехиянын тышкы чалгын кызматынын мурдагы башчысы Карел Рандак чех басылмасына берген комментарийинде.

Чехиянын Орусиядагы жана АКШдагы мурдагы элчиси Петр Колач чех бийлиги Кремлдин Украинага кол салуусун колдогон мындай компанияларга мамилесин түп-тамырынан бери өзгөртүшү керек деп эсептейт.

"Бүгүн Орусияга экспорттолгон биздин технологиялар эртең бизге каршы колдонулушу мүмкүн экенин элестетүү кыйын", - деди мурдагы дипломат Novinky чех басылмасына курган маегинде.

Искендер Махмудов азырынча Евробиримдиктин санкциялык тизмесинде жок.

Орусиянын президенти Владимир Путин, вице-премьер-министр Юрий Борисов жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников менен бирге Let L-410 UVP-E20 Turbolet транспорттук учагын көрүп жатышат. 19-сентябрь, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин, вице-премьер-министр Юрий Борисов жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников менен бирге Let L-410 UVP-E20 Turbolet транспорттук учагын көрүп жатышат. 19-сентябрь, 2018-жыл.

Кремл Украинанын шаарларын талкалоону улантып жаткандыктан, Орусияга каршы санкциялык басым күчөп, чектөө чараларынын жаңы пакеттери күн сайын киргизилүүдө.

Жакынкы күндөрү санкциялык тизмеге Путиндин жакын чөйрөсүнөн дагы кимдер кошулары белгисиз. Бир күн мурда АКШнын президенти Жо Байден “бул согуш улана берсе, Путинге жакын олигархтардын бири да, алардын үй-бүлө мүчөлөрү да жазадан кутула албайт” деп билдирген.

Евробиримдик Усмановго эми чындап санкция салдыбы?

Орусиялык олигарх-ишкер жана USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү Алишер Усманов. Сүрөт Москвада өткөн өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (RSPP) конгрессинде тартылган. 24-март, 2016-жыл.
Орусиялык олигарх-ишкер жана USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү Алишер Усманов. Сүрөт Москвада өткөн өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (RSPP) конгрессинде тартылган. 24-март, 2016-жыл.

Башка бир көрүнүктүү өзбек тектүү орусиялык ишкер Алишер Усманов Евробиримдиктин санкциялык тизмесине 28-февралда гана киргизилген. Ал Путинге өтө жакын кремлчил олигарх катары мүнөздөлөт:

"Ал Владимир Путиндин сүйүктүү олигархтарынын бири деп аталат. Каржылык агымдарды камсыздоо милдети тапшырылган орусиялык бизнесмен-чиновниктердин бири болуп саналат. Алардын позициясы президенттин эркине жараша болот. Усманов мырза Путиндин байлыгын жашырууга жана бизнес маселелерин чечүүгө жардам берип жатканы айтылууда. Алишер Усманов Орусияда Крымды аннексиялоого жана Украинага бүлүк салууга жооптуу болуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуучу тарапты материалдык же каржылык жактан активдүү колдоп турган", - деп жазылган Евробиримдиктин санкциялык чечиминде.

Алишер Усмановдун санкциялык тизмеге кириши аны Европадагы кыймылсыз мүлктөрү менен акчалай активдеринен ажыратууга алып келери санкциялык документте белгиленди.

Италиялык басылмалар жазгандай, Сардиниянын (Италияга караштуу арал) түндүгүндөгү Порто-Черво курортунда Усмановдун ар бири 10 млн. долларга бааланган жети вилласы бар экенин “Форбс” журналы жазып чыккан.

Анын 600 млн. долларлык “Дилбар” деген узундугу 156 метрлик супер яхтасын Германиянын Гамбург шаарынын бийлиги 3-мартта камоого алды. Яхта Жер Ортолук деңизинде сүзүп жүрчү.

Forbes журналынын маалыматына ылайык, теги намангандык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы 16,3 миллиард долларга барабар.

Катаал санкциялардан "качып" келген олигархтар

2018-жылы Алишер Усманов биринчилерден болуп АКШнын Каржы министрлигинин “Кремл баяндамасына” киргизилген. Бирок олуттуу санкциялык чаралар каралбаган бул баяндамада жалпысынан 210 адам, анын ичинде Путин режимин колдогон 96 олигарх бар.

Бирок Алишер Усмановдун Путинге жакындыгы бүт дүйнөгө белгилүү болсо дагы, анын ысымы буга чейин АКШ менен Улуу Британиянын санкциялык тизмесине белгисиз себептер менен киргизилбей келген.

Орусия Украинага кол салгандын эртеси АКШнын конгрессмендер тобу президент Жо Байденге Навальныйдын тизмесиндеги 35 орусиялык олигархтын мүлктөрүн камоону сунушташкан.

"Путиндин кылмыштарын жактоочуларга каршы чечкиндүү аракеттерге өтүүгө убакыт келди", - деп айтылат АКШнын конгрессмендеринин президент Байденге жолдогон кайрылуусунда.

"Арсенал" футбол клубунун мурдагы ээси Усманов Британиянын эң ири байларынын тизмесинде. Анын Лондондогу эки вилласынын баасы эле кеминде 300 миллион долларга бааланган. Буга карабастан, британ бийлиги өткөн 28-февралга чейин "Путиндин капчыгы" атыккан Алишер Усманов менен дагы бир орус олигархы Роман Абрамовичти негедир "кара тизмеге" кошкон эмес.

Британиялык криминалистиканын профессору Кристиан Ласслет Усманов сыяктуу олигархтардын санкциялык тизмеге кирбей калганынын үч себебин атады:

"Биринчиден, Усманов өңдүү олигархтар Батышта адвокаттардын бүтүндөй бир командасын жалдап, басылмаларда ар кандай терс маалыматтарды жазууга батынган журналисттерди сот аркылуу коркутуп келишти. Экинчиден, Усманов жана Путиндин башка олигархтары корпоративдик жана юридикалык жактан бизнесин жаап-жашырууга дилгир болуп калышкан. Үчүнчүдөн, бул олигархтардын жүздөгөн миллиард долларлары Улуу Британия, Швейцария, Люксембург сыяктуу өлкөлөрдүн финансалык артериялары аркылуу агып, банктар, юристтер жана бухгалтердик фирмалар алардын миллиарддарынын эсебинен чоң пайдага туйтунуп турушат. Ушундан улам Усмановго окшогондор бүгүнкү күнгө чейин жазасыз калып, дүйнөнүн көз жаздымында болгон".

"Башкы куданын" Өзбекстандагы бараандуу жолу

Соңку жылдары Алишер Усманов Өзбекстанда бизнесин кеңейте баштаган. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанга бара албаган Усманов азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин кудасы экени эл аралык басма сөздө баяндалган. Баласы жок болгон Алишердин мураскери деп саналган иниси Бабур Усманов(бир тууганынын баласы, 2013-жылы майда Ташкентте автокырсыкта каза болгон) 2009-жылы Мирзиёев премьер-министр болуп турган кезде анын жээни Диерага үйлөнгөн.

Шавкат Мирзияев бийликке келгенден кийин Усманов Өзбекстандын тоо-кен металлургия, телекоммуникация, банк жана камсыздандыруу тармагындагы ири компаниялардын кожоюнуна айланган.

Айрым экономисттер Усмановдун Өзбекстандагы бизнес империясы, айрыкча Орусиянын Украинага агрессиясынан улам ага салынчу катаал санкциялык соккулардан оолак калууга жардам бериши мүмкүн деп эсептешет.

"Өзбекстанда Усманов Digital Holding компаниясы аркылуу Ucell ири уюлдук компаниясын жана алдыңкы технологияларды өнүктүрүү борбору аркылуу милдеттүү маркалоо бизнесин көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, Finance TCI жана Telecominvest аркылуу "Капиталбанк" менен "Апельсин банкты", ал эми Ackermann Cement компаниясы аркылуу Өзбекстандагы цемент тармагындагы алдыңкы ишканалардын бири "Ахангаранцемент" ишканасына көзөмөл орнотууга жетишти", - деп жазат ташкенттик блоггер-экономист Отабек Бакиров.

Кремл эгемендүү Украинага каршы согушун улантып жатканда, дүйнөнүн калган бөлүгү Владимир Путиндин эң талылуу жерине сокку урууга аракет кылууда.

Батыштык эксперттер жана орус оппозициясы Путиндин эң талылуу жери - анын миллиарддаган акчасын кармаган олигархтары деп эсептешет.

Бул байлыктар бүгүн кайда?

Путиндин келишкис каршылашы, азыр абакта жаткан Алексей Навальный бир нече жылдан бери Орусиянын катылган байлыктарын “Путиндин олигархтарынын капчыгынан издөөнү” сунуштап келди.

2020-жылдын 29-январында Навальныйдын Коррупцияга каршы фонду АКШ президенти Жо Байденге Путиндин 35 олигархынын тизмесин берип, санкцияларды салууну суранган.

"Навальный тизмесинин" башында турган сегиз олигарх Путиндин коррупциялык жана криминалдык режимин ишмердигин камсыздаган негизги фигуралардын катарына кирет.

Алишер Усманов ошол сегиз олигархтын бири. Жакында Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген олигарх АКШ менен Улуу Британиянын санкциялык тизмесине да киргизилеби же жокпу, азырынча белгисиз.

Украинадагы согуш: эки тарапта тең курмандыктар көп
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:12 0:00

Орусия Киев баш болгон Украинанын бир катар ири шаарларын бомбалоону улантып жатат. Согуштук аракеттерден улам Украинада чет мамлекеттерге качууга аргасыз болгондордун саны миллиондон ашты. Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрү чет мамлекеттерде кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу мүмкүн деген божомолдорду четке какты. Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоого бөлүнгөн 772 миллион сомдун 520 миллион сому кайда сарпталганы белгисиз экенин вице-мэр билдирди. Бөлүнгөн каражаттын 250 миллион сомунун гана жумушу жасалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG