2021-жылы 29-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 186 киши октон жараат алган. Жараат алгандардын арасында ушул күнгө чейин айыга албай, октун азабын тартып жаткандар бар. 34 жаштагы милициянын улук сержанты Нурланбек Заитов азырга чейин ооруканадан чыга элек.
Борбор Азия
дүйшөмбү 28 Февраль 2022
Ысык-Көлдө жергиликтүү фермерлер сандан сапатка өтүп жатат. Алар “Арашан” тукумундагы койдун башын көбөйтүп, 180-200 кг. салмакка жеткен кочкорлорду багууда. Быйыл чабандар чогулуп, сынак уюштуруп, 500дөй кочкорду алып келишкен. Сынактын жеңүүчүлөрү эми Казакстанда март айынын этегинде өтө турган эл аралык көргөзмөгө жолдомо алат. Фермерлерди 10 миң долларлык баш байге кызыктырып жатат.