Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Борбор Азия

Ошко жашылча ташыган өзбекстандыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Соңку беш жылдан бери коңшу Өзбекстандын дыйкандары Ош облусуна ар кандай азык-түлүк товарларын экспорттойт. Жергиликтүү базарды жашылча-жемиш менен камсыздап, өздөрү да киреше табат.

Өзбекстан. Ташкент Гүлнара Каримованын 10 млн доллар акчасы трасттык фонд аркылуу кайтарылганын жарыялады.
Өзбекстан. Ташкент Гүлнара Каримованын 10 млн доллар акчасы трасттык фонд аркылуу кайтарылганын жарыялады.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Гүлнара Каримовага таандык 10 миллион доллар Франциядан кайтарыларын билдирди.

Гүлнара Каримовага караштуу активдер Ташкентке түз берилбейт. Бул акчаны кайтаруу үчүн Швейцария Өзбекстан менен БУУнун трасттык фонду түзүлөрү айтылды.

Ташкенттин таклиби аткарыла баштады

Өзбекстандын Юстиция министрлиги 15-февралда өзбек бийлигинин Гүлнара Каримованын кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрүн кайтаруу аракети натыйжа бере баштаганын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча Франциядан Өзбекстанга 10 миллион доллар кайтарылган. Бирок билдирүүдө акчанын келип түшкөн мөөнөтү айтылган эмес.

Өзбек бийлиги 2020-жылы май айында Гүлнара Каримованын алгачкы 10 млн. доллары Франциядан Өзбекстанга кайтарылганын кошумчалады. Ошону менен өзбек өкмөтү Гүлнара Каримованын чет элдеги активинин 20 млн. долларын Өзбекстанга кайтарып алууга жетишип отурат.

Юстиция министрлиги азыр Швейцария, АКШ, Франция жана Орусия менен кылмыштуу жол аркылуу табылып, Өзбекстандан чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Бирок Гүлнара Каримованын Европада камалган мүлктөрү жана банк эсептериндеги акчасы Ташкентке түз берилбей турганы белгилүү болду. 11-февралда Швейцария менен Өзбекстандын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өттү. Анда тараптар БУУнун көп тараптуу трасттык фондун түзүүнү макулдашты. Ал Каримовага козголгон кылмыш иши боюнча конфискацияланган мүлктөрдү кайтарууга багытталат.

Президенттин кызы аралашкан комиссиянын тыянагы

“Азаттыктын” өзбек кызматы 2019-жылы Каримованын кызы Инстаграмга жарыялаган тергөөнүн токтомуна жана анын комментарийине шилтеме берип, зыянды президенттин кызы Саида Мирзиёева жетектеген мекеме аралашкан өкмөттүк комиссия аныктай турганын жазган.

"Аталган министрликтер менен мекемелердин эксперттери Гүлнара Каримованын кылмыштуу аракеттеринде Өзбекстандын имиджине жана экономикалык кызыкчылыгына зыян келтирген факторлор барбы? Болсо, кандай өлчөмдө жана кандай маселени чечиши керек? Бул өкмөттүк экспертизанын эң кызыгы, ага президенттин кызы Саида Мирзиёева жетекчи орун басар болгон Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги катышат. Башкача айтканда, Гүлнара Каримованын тагдырын жана анын кайсы иштердин жагдайлары боюнча айыпталарын жаңы президенттин кызы түз чечет".

Зыяндын көлөмү канча?

Буга чейин Швейцариянын бийлиги Гүлнара Каримованын акчасын кайтаруу үчүн Өзбекстан ал активдердин мамлекетке таандык экенин далилдеп, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктап берүүгө тийиш экени көрсөтүлгөн.

Өзбекстан - Гүлнара Каримованын иши. Прокурордун келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча экспертиза дайындоо токтому.
Өзбекстан - Гүлнара Каримованын иши. Прокурордун келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча экспертиза дайындоо токтому.

Бирок ушул күнгө чейин расмий Ташкент аталган комиссиянын тыянагы кандай чыкканын жана Гүлнара Каримова канча зыян келтиргени тууралуу расмий маалымат берген эмес.

Азыр эми козголгон кылмыш иштеринин негизинде аныкталып, Швейцарияда бөгөт коюлган бардык активдерди кайтарууга жаңыдан түзүлгөн трасттык фонд кызмат кылары айтылды. “Учурда 131 млн. доллар Өзбекстанга кайтарууга даярдалды”, — деп жазылган Өзбекстандын Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө.

Трасттык фонддун башкаруу түзүмү Швейцариянын, Өзбекстандын жана БУУнун өкүлдөрүнөн турат. Ошентип, Швейцария менен Өзбекстан активдерди кайтарууга БУУнун ортомчулугу аркылуу кызматташат.

"Фонд Өзбекстандын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө көмөктөшөт жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өзбекстандагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтык программасынын (UNSDCF) алкагындагы долбоорлорду каржылайт", — деп айтылат Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө.

Юстиция министрлиги өзбек сотторунун Гүлнара Каримовага жана анын шериктерине карата чыгарган өкүмдөрүн Москва шаардык соту тааныганын билдирди. Ал эми Орусия Өзбекстанга кайтарып берүү үчүн камоого алынган мүлктөрдү сатуунун үстүндө иштеп жатканы белгиленди.

Каримованын иши боюнча прокурордун токтомунун уландысы.
Каримованын иши боюнча прокурордун токтомунун уландысы.

"Ханбийкенин абалы": жолугушууга уруксат жок

Ташкент шаардык соту кылмыш иштерин карап, 2020-жылы 18-мартта Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга кескен. Ал 2019-жылдын жазынан бери Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясында жазасын өтөп жатат. Анын чет элдеги кызы Иман Каримова бийлик апасына жолуктурбай жатканын Инстаграм баракчасына жазып чыккан.

Өзбекстанда Гүлнара Каримова кутумчулук, опузалап акча талап кылуу, мүлктү мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу, тоноо, арам акчаны адалдоо жана башка оор кылмыштарга күнөөлүү деп табылган. Кызы Иман Каримова апасы абакта кысымга дуушар болуп жатканын жазган.

Бир кезде “ханбийке Гугуша” деген ат менен шоу дүйнөсүндө таанылган Гүлнара Өзбекстанды чейрек кылым башкарган маркум президент Ислам Каримовдун тун кызы. Ага 255 кылмыш эпизоду боюнча уюшкан кылмыш тобун жетектеген деген айып тагылган. Аны менен бирге 50дөн ашуун адам камалып, кылмыш жообуна тартылган.

Швециянын Telia, Vimpelcom жана МТС уюк компаниялары Өзбекстандын телекоммуникация базарына кирүү үчүн Гүлнара Каримовага миллиондогон пара бергени тууралуу материалдар жарыяланган.

Бул билдирүүлөрдөн кийин АКШнын бийлиги Гүлнара Каримовага расмий айып койгон. Мисалы, 2017-жылы Telia компаниясы АКШнын Юстиция министрлиги менен келишим түзүп, 965 миллион доллар айып пул төлөгөн.

Швед менежерлери Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримовага 320 миллиондой доллар пара берген деп айыпталган. Бул ишти иликтөөнүн алкагында Швециянын укук коргоо органдарынын суроо-талабы менен Гүлнара Каримованын Швейцариянын банк эсебиндеги 750 млн. доллардан ашуун акчасына бөгөт коюлган.

2020-жылы Берн менен Ташкенттин макулдашуусунун негизинде камактагы акчанын 131 млн. долларын Өзбекстанга кайтаруу маселеси каралган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG