Ысык-Көлдө жергиликтүү фермерлер сандан сапатка өтүп жатат. Алар “Арашан” тукумундагы койдун башын көбөйтүп, 180-200 кг. салмакка жеткен кочкорлорду багууда. Быйыл чабандар чогулуп, сынак уюштуруп, 500дөй кочкорду алып келишкен. Сынактын жеңүүчүлөрү эми Казакстанда март айынын этегинде өтө турган эл аралык көргөзмөгө жолдомо алат. Фермерлерди 10 миң долларлык баш байге кызыктырып жатат.
Борбор Азия
жекшемби 27 Февраль 2022
Германиядагы Баден-Вюртемберг аймагынын депутаты Йонас Вебер жергиликтүү бийликке кайрылып, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динарага жана күйөө баласы, миллиардер Тимур Кулибаевге таандык 100 миллион евролук мүлкүн конфискациялоону өтүндү. Буга ай башында Назарбаевдердин Германияда табылган баасы асман чапчыган аксарайлары тууралуу журналисттик иликтөө түрткү болгон.