Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:01

Борбор Азия

Кыргыз-казак чек арасында кыйналган айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кире албай кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, 23-февралда беш чакырымга чейин тизилип турушат.

Цюрихте жайгашкан Швейцариянын Credit Suisse дүйнө жүзү боюнча кардарлардын акчасын ишенимдүү сактаган банктардын бири.
Цюрихте жайгашкан Швейцариянын Credit Suisse дүйнө жүзү боюнча кардарлардын акчасын ишенимдүү сактаган банктардын бири.

Швейцариянын банкынан эки кыргызстандыктын ири банк эсептери табылды.

Credit Suisse банкындагы эсептер Рой Азим деген ат менен белгилүү Орозахун Сайдазимовго жана Кыргызстандын издөөдө жүргөн мурдагы геология министри Капар Курманалиевдин жубайына таандык экени иликтөөдө аныкталган.

Швейцария банктарында катылган эки кыргызстандыктын жашыруун эсептери тууралуу “Credit Suisse сырлары” деген журналисттик иликтөө базасына маалыматтар жарыяланды.

Капар Курманалиев. Сүрөт Фейсбук баракчасынан алынды.
Капар Курманалиев. Сүрөт Фейсбук баракчасынан алынды.

Капар Курманалиев 2008-2010-жылдары геология агенттигин жетектеп, Кыргызстандын кендерин көзөмөлдөп турган. Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган соң, ал өлкөдөн качып кеткен. Ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп сыртынан айып тагылып, издөө салынып, бирок аны кайтаруу аракетинен майнап чыккан эмес.

Швейцариялык Credit Suisse банкынан анын жубайы Наталья Курманалиевага 2008-жылы ачылган эсебинде 1,3 млн. доллар сакталганы аныкталган. 2010-жылдан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Капар Курманалиевге тоо-кендеринин лицензияларын сатып, мамлекетке зыян келтиргени үчүн бир нече кылмыш иши козголгон.

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабековдун баамында, издөө салынган Курманалиевдин кыңыр иштерине кызыгып, аны издегендер болбоду.

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

“Капар Курманалиевдин жүргөн жеринин баары чыр болгон. Ал министр болуп келгенге чейин эле Акаев бийлигинде геология агенттигин жетектеген Зубков деген менен байланышта болуп, жеке фирмасы аркылуу агенттик менен келишим түзүп, мамлекетке зыян келтирип, иш козголуп, буга байланыштуу ал Казакстанда качып жүрүүгө аргасыз болгон. Анан эле 2008-жылы кийин Жаратылыш ресурстар министрлиги болуп өзгөргөн Мамлекеттик геология агенттигине жетекчи болуп келген. Мен ал тууралуу Башкы прокуратурага кайрылып, бирок жыйынтык болбогон соң, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге арыздангам. Бирок жыйынтык болгон эмес. Кийин анын алтын кендеринин лицензияларын Лондон менен Гонконгдун биржаларында жең ичинен соодалап жүргөнү тууралуу маалыматтар түшкөн. Анан ал 2010-жылы качып кетти. Издөө салынганы менен, артынан түшүп издеген эч ким деле болгон жок. Аны Интерпол аркылуу издеп таап, жоопко тартса, миллиондорду кайтарса болот эле”.

Азим Ройдун миллиондору

Ал эми Рой Азимдин банк эсебиндеги акча 11,6 млн. долларды түзгөн. Рой Азим деген ким?

Иликтөөдө Рой Азим “Орусия менен Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар ишкер” экени жана кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы бардыгы белгиленген.

Көлбаевдин жакындары менен бизнес кылганы баяндалып, ара-чолодо кайрымдуулук кылган берешен ишкер катары да мүнөздөлгөн. Рой Беловодскидеги майып балдар интернатын каржылап, өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Чалдовар айылына материалдык жардам көрсөтүп келгени басылмаларда жазылган. Атургай анын ысымы Чалдовардагы бир көчөгө берилип, чыгымдарын өзүнө алганы да айтылат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Швейцариянын банкынан табылган эки кыргызстандыктын эсептери боюнча териштирүү башталганын билдирди:

Эрнис Осмонбаев.
Эрнис Осмонбаев.

“Эки кыргызстандыктын Швейцарияда катылган банк эсептери жана мыйзамсыз чыгарылып кеткен акчаны кайтаруу максатында иш-аракеттер болобу деген суроолор жаралды. Ошондуктан Азим Рой жана Наталья Курманалиева деген кыргызстандыктын банк эсептери тууралуу жарыяланган маалыматтар териштирилип жатат. Бул тууралуу кошумча маалыматтар кийин берилет”.

Рой Азимдин өтмүшү

Рой Азим 1981-жылы ок атуучу курал алып жүрүү, кол салуу “кызыл кулактык” жана маңзатын сактоо боюнча бир катар кылмыштары үчүн жети жылга кесилгени иликтенген. Бирок 1995-жылдары анын соттуулугу жоюлуп, 1998-жылы ага каршы ачылган иштер биротоло жокко чыгарылганы айтылат.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев Рой Азимдин таржымалы тууралуу азыркы укук коргоо органдарында жетиштүү маалыматтар жок экенин кыйытты:

“Азим Рой деген АКШнын жараны. Ал ошондой ысым менен жарандык алган. Ал эми анын бул жакта аталган чыныгы аты-жөнү башка. Түбү кыргызстандык эле жаран. Ал Панфилов районунун Чалдовар айылынан болот. Кээ бирөөлөргө жардам берип жүрөт. Ыкчам-иликтөө иштерди караган, кечээ генералдык наамды алгандардан сурасаң, бирөө дагы тааныбайт. Өздөрү генерал чинин алып жаткан кишилер уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн кантип билишпейт? Ошолордон сурасаңар... Андан кийин мен бул кишинин таржымалын толук айтып берем”.

Иликтөөдө Рой Азимдин 1997-жылы виза алып, АКШга туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандан көчүп кеткени белгиленген. АКШда ал каржыны башкаруу боюнча консалтинг жеке фирмасын негиздеп, Флоридадан наркы 1,27 млн. долларлык үй сатып алганы дагы иликтөөдө көрсөтүлгөн.

Бирок Рой Азимдин АКШдагы жолу дагы оңой болгон эмес. Ал Флорида штатында 2001-жылы АКШнын элчилигине визага документтерин тапшырганда Кыргызстандагы соттуулугун жашырганы үчүн камакка алынган. Бирок ал америкалык сотко 75 миң доллар өлчөмүндө күрөө төлөп камактан чыккан. Кийин ага коюлган айып алынып салынган.

"Credit Suisse сырлары" иликтөө долбоору жөнүндө

Credit Suisse Secrets - бул Швейцариянын эң ири банкы болгон Credit Suisse банкынын ачыкка чыккан банк эсептерине негизделген транс чек аралык журналисттик иликтөө долбоору.

Бул маалыматты анонимдүү булак немистердин Süddeutsche Zeitung гезитине өткөрүп берип, аны OCCRP Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү уюму жана ар кайсы өлкөлөрдөгү башка 46 өнөктөш медиа каражаттары менен бөлүштү.

Беш континенттин журналисттери банктык файлдарды изилдеп, инсайдерлер, контролерлор, иликтөөчүлөр менен баарлашып, тыянактарды сот материалдары жана каржылык отчеттор менен бышыкташты.

Ачыкка чыгып кеткен маалыматтар 1940-жылдардан 2010-жылдардын ортосуна чейин ачылган 18 000ден ашуун банк эсептери тууралуу маалыматтарды камтыйт. Ал эсептерде жалпысынан 100 миллиард доллардан ашык акча болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG