Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

Борбор Азия

Иликтөө: Назарбаевдердин хансарайлары
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:38 0:00

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү өлкөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктайт. Алар Казакстанда жана чет өлкөлөрдө катталган ар кандай компанияларга ээ. "Азаттыктын" казак кызматы Элбашынын, анын кыздары Алия, Динара, Дарига Назарбаевалардын жана иниси Кайрат Сатыбалдынын Алматынын Бостандык районундагы хансарайларын таап чыкты.

Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумунун төрайымы жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Астана экономикалык форумуна катышууда, 16-май, 2019-жыл.
Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумунун төрайымы жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Астана экономикалык форумуна катышууда, 16-май, 2019-жыл.

Назарбаевдерге байланышкан алгачкы коррупциялык иш козголду.

Экология жана геология министринин орун басары менен Алия Назарбаевага караштуу деген "Оператор РОП" компаниясынын жетекчиси кармалды. Ага чейин компаниянын аткаруучу директорунун сөөгү иш бөлмөсүнөн табылган.

Казакстандан качууга камданган эки жетекчинин кармалышы

Казакстандын Коррупцияга каршы агенттиги экология жана геология министринин орун басары Ахметжан Примкулов жана "Оператор РОП" компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы Медет Кумаргалиев кармалганын бышыктады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы Коррупцияга каршы агенттигине шилтеме берип билдирди.

Анда аткаминер менен жеке компаниянын жетекчиси өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенген учурда кармалып, экөө тең коррупцияга шектелип, камакка алынганы кабарланды. Кармалган Ахметжан Примкулов 2019-жылы июль айында экология министринин орун басарлыгына дайындалган. Медет Кумаргалиев ошол эле жылы ноябрда "Оператор РОП" башкармалыгынын төрагасы болгон.

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев Алия Назарбаевага байланыштуу компанияны текшерүүнү буюрган.

"Ишкерлер арасында жана жалпы эле коомчулукта "Оператор РОП" деген компаниянын ишмердиги көп суроолорду жаратууда. Бул жеке компанияга каршы кандайдыр бир коомдук кыймыл уюшканга чейин жетти. Өкмөткө "Оператор РОП" компаниясына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү төлөмүн төлөөнү токтотууну жана бул компаниянын ишине чара көрүүнү тапшырам", - деген болчу Токаев.

"Сүйүнүүгө эрте". Сырдуу өлүм.

Президент бул компаниянын ишин токтотуп, таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүүнү мамлекеттик мекемеге өткөрүп берүүгө тапшырма берген. "Оператор РОП" компаниясынын ишин токтотуп, таштандыларды кайра иштетүү акысын башкаруу 19-январдан тарта өкмөттүн токтому менен "Жашыл Даму" мамлекеттик акционердик коомуна өткөрүлүп берилген.

"Сүйүнүүгө али эрте. Абал эми ого бетер начарлайт. Эч нерсе өзгөрбөйт. Дал ошол эле өнөр жай жана инфраструктуралык Өнүктүрүү министрлиги кабелдердин калдыктарын, айыл чарба техникасынын сыныктарын киргизүүгө лоббист болгон. Мына эми алар "Оператор РОПту" басып алмакчы болуп жатышат. Улутташтырсак, анда ал Экология министрлиги аркылуу жүрсө болот эле. Анткени таштандыларды кайра иштетүү кызматынын негизги милдети аларды чогултууну жана кайра иштетүүнү колдоо болуп саналат", - дейт Казакстандын экологдор бирлигинин төрайымы Лаура Маликова.

Бул арада баш калаанын полициясы "Оператор РОП" ишканасынын жакында белгисиз жагдайда каза тапкан аткаруучу директору Руслан Шамшиевдин өлүмүн тергөөгө киришкенин маалымдады. Жергиликтүү медиа анын сөөгү кеңседен табылганын, ал өз жанын кыйган болушу мүмкүн экенин жазган. Полиция аны өз жанын кыюуга жеткирген жагдайларды иликтөөнү баштаганы кабарланды.

Таштандыдан табылган миллиарддар

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия менен байланышы бар экени айтылган бул компания 2015-жылы түптөлгөн. "Оператор РОП" эски автоунаалардын жараксыз тетиктерин, иштетилген майлардын калдыгын чогултканы жана кайра иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм алып турчу.

Казакстандын парламентинде депутаттар компания беш жылда кантип дээрлик 692 миллион теңге же 1,58 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө киреше тапканын иликтөөнү талап кылышты.

Депутат Едил Жаңбыршин жеке оператордун беш жылдан бери акча чогултушу ачык эместигин айтып, соңку айлардагы каржылык отчетторго ылайык, 181 млрд. теңге кайда жумшалганы дайынсыз экенин билдирди.

The Telegraph басылмасы жакында Алия Назарбаева 300 миллион доллардан ашуун акчаны өлкөдөн чыгарып кеткенин жарыялаган. Бул акчага Назарбаевдин кызы, басылманын маалыматы боюнча, Лондондо хан сарай, Дубайдан үй, жеке учак жана швейцариялык жеке менчик CBH Bank банкынын акцияларын сатып алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG