Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Борбор Азия

Алматы, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.
Алматы, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандык эркин журналист Думан Мухаметкарим коңшу өлкөдөгү окуялар тууралуу “Азаттыкка” баяндап берди. Ал Казакстанда интернет жок болгонуна байланыштуу Алматыдан Бишкекке өзүнүн “Ютуб” каналына видео жүктөгөнү келгенин айтты. (ред. Интервью 7-январда алынган)

- Думан мырза, Казакстанда болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай маалыматтар келип жатты. Тынч башталган демонстрациялар эмнеге башаламандыкка айланып кетти?

- Жаңы Өзөндө, Актауда эл көчөгө чыкканда алар кырдаалды тизгиндеп турду. Эч кандай мамлекеттик же жеке менчик ишканаларга чабуул жасатпады, дүкөндөргө кол тийгизбей, өздөрү коргоп турду. Башында Алматы, Тараз, Чымкентте дагы ушундай эле болчу. Бул жерде атайын чагымчылар баарын баштады. Жарандык активисттер дагы ошону айтып жатат. Эл дагы ошондой ойдо. Мисалы, мен 5-январда Youtube видеохостингиндеги каналым аркылуу эфирге чыга албай калдым. Полиция көздөн жаш агызган газ жана кулак тундурган гранаталарды колдонуп жаткан.

Казакстандык эркин журналист Думан Мухаметкарим.
Казакстандык эркин журналист Думан Мухаметкарим.

Ошондо топтошкон элден эмес, башка эле тараптан, ары жактан имараттардын айнектери чагылып жатты. Чогулуп турган жаштар: “Алар терезелерди чакпасын. Мародёрлор, токтоткула"” деп кыйкырышты. Бул атайын уюшулган, мародёрлук кылып жүргөн адамдардын бар экенин билдирет. Мародёрлор кыйратып, талкалап, “Тез жардам” машиналары өрттөлгөн соң, бийлик баарын элге шылтай баштады. Нааразылыкка чыккандарды болушунча каралап, көө жапты. Булардын баарын мен оюмдан чыгарып жаткан жокмун. Эл айтып жатат. Алматыда аянтта канча кишиден интервью алдым. Жашы 19-20дагы кыздар, балдар демонстрация өтүп жаткан аянтты жыйнап, тазалап, нааразылык акциясына чыккандарга ысык чай, тамак таратышканын айтышты.

- Ошол митингдер кандай мүнөздө өтүп жатканын сүрөттөп бере аласызбы? Мисалы, сиз жүргөн Алматыда эл Республика аянтында эле топтолуп турдубу же шаардын ар кайсы бөлүгүндө топ-топ болуп жүрүштүбү?

- Мен 5-январда шаардын борбордук бөлүгүнө барганда, беш миңдей кишини көрдүм. Алардан жалпы канча адам келгенин сурадым. Алматы аренадан башталган экен. Көчөнүн ары жагынан дагы кишилердин шоокумдары угулуп турду. Ортодо полиция тосмосу бар эле. Жалпы канча киши чыкканын айтуу кыйын. Эл 10 миңден 20 миңге чейин деп жатат.

- Cиз бул жакка чыкканда Алматыдагы кандай эле?

- Асфальттын үстүндө канды көп көрдүм. Өрт өчүрүүчү машиналар, милициянын машиналары өрттөлгөнүн көрдүм. Ар бирин пулемет менен аткандай... Темирди тешип өткөн чоң-чоң октор тийген экен. Андай курал карапайым калктын колунда жок экени айдан ачык. Ушундай видеолорду мага бир жигит алып келип берди. Видеолор менин Youtube каналыма чыкты. Карап көрсөңөр болот. Алматыда интернет иштебей, видео жүктөй албадым. Кордойдо кыргыз SIM-карталар иштейт дешти. Ал жакка келсем, видео жүктөлчүдөй эмес. Ал жактагы жигиттер “көбүрөөк видео жүктөйм десеңиз 20 чакырым жүрүп, Бишкекке барыңыз” дешти. Чек арага келсем, мени кое берип жиберишти. Анан Бишкекке келдим.

- Ошондо Бишкеке атайын видеолорду жүктөйүн деп келген турбайсызбы?

- Ооба, көп видео бар болчу. Ошолорду жүктөйүн деп келдим. Бекжан деген жашы жыйырмалардагы баланын дагы Youtube каналы бар. Ал чындыкты айтканы үчүн камап салышыптыр. Мени да камашы мүмкүн болчу. Анда азыркы видеолордун баары таратылбай калмак. Менде болгон баардык видеону интернетке чыгардым. Эми Алматыга кайтам деп турам. Балким, мени да кармашат.

Алматы, Казакстан. 6-январь, 2022-жыл.
Алматы, Казакстан. 6-январь, 2022-жыл.

- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сурады. Бирок коркунучтуу "топтор кимдер" экени так белгисиз. Сиз эмне айта аласыз бул тууралуу?

- Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жоомарт Токаевдин бийлиги 30 жылдай башкарды. Ошого эл чыдабай кетти деген ойдомун. Адамдардын макулдугу жок, элдин кыжырын келтирген чечимдерди кабыл алып жатышты. Азык-түлүктүн баасын көтөрдү. Ошентип элди ызалантты. Өзүбүздөгү мунай менен газдын баасын көтөрдү. Токаев оюнан кайтып, ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлерин киргизбеши керек. “Мен реформа жүргүзөмүн, түз олтуруп, ийри кеңешели” десе, анда калк тарап кетмек.

- Митингдер стихиялуу түрдө өлкөнүн аймактарына жайылып кетти. Бирок, айрым талдоочулар митингдер башаламан жана лидери жок болгондуктан чачкын талаптар, ар кандай чагымчыл аракеттер болуп жатат деп да айтып жатышат.

- Чынында стихиялуу көтөрүлүш болду. Мен былтыркы жылдары чет жакта жүргөн казак саясатчыларынан маек алгам. Ошондо алар “Назарбаев, Токаев казак бийлигине реформа жасабаса, стихиялуу митинг башталат. Көтөрүлгөн калың казакты токтото албай каласыңар. Ошол себептен диалог түз” деп айтышкан. Биз деле эл көтөрүлүп чыкса, оор болорун айтып жүрдүк. Бирок мунун баары кулак сыртында калды.

Эми болсо бийлик нааразылык жүрүштөрү учурунда чагымчыларды жалдап, талап-тоноттуруп, анын баарын жаштарга шылтады. Муну жаштар кылган жок. Негизи, мындай нааразылык акцияларында лидердин деле кереги жок. Бул жерде эл өзү көчөгө чыгып, талабын коюп, таркап кетет. Ал эми президент Токаев ошентип кутулуштун айласын кылды. Аны эл эч качан кечирбейт.

- Элдеги жалпы маанай кандай?

- Казак эли каарданып турат. Эгерде температура өлчөгүчтү кое турган болсоңуз, кызыл жарылып, төгүлөйүн деп турат. Кечээ көчөгө чыккандардын арасында жумушсуздар, дарыгер, мугалим, студенттер баары болду.

Токаев ок атууга уруксат берди, кыргыз аскерлери аттанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:06 0:00

Казакстандын жер-жерлеринде тынч митингдер токтой элек. Президент Токаев “террорчу” деп мүнөздөлгөн адамдарга ок атууга уруксат берди. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын 150 аскерин Казакстанга жөнөтүү чечимин колдоду. Түркмөнстан четтеги жарандарын митингдерге катышпоого чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG