Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Борбор Азия

Каршылык акциялары учурунда кармалгандардын жакындары, Алматы. 22-январь, 2022-жыл.
Каршылык акциялары учурунда кармалгандардын жакындары, Алматы. 22-январь, 2022-жыл.

Алматыдагы башаламандыктардан жаракат алгандарды полиция ооруканалардан жалаңкат алып чыгып, кармап кетип жатканы кабарланууда. Алматыда камакка алынгандардын саны 700дөн ашса, Казакстан боюнча 10 миңдей киши кармалган. Абактарда каралбай жаткан бейтаптарды жакындары кайра ооруканага жаткырууну талап кылууда.

Оорулууга опурулган ОМОН

Интернетке тараган тасмада полиция балдакчан, жылаңаяк , жылаңбаш кишилерди түртүп, имарттан чыгарып жатканы көрүнөт. Алар Алматыдагы митингдер учурунда октон жана токмоктон жаракат алып, ооруканага түшкөндөр экени айтылды. Башаламандыктардан ок тийген же токмоктолуп колу-буту сынып, дарыланып жатканына карабай, куралчан ОМОН (милициянын атайын багыттагы отряды) аларды ооруканадан күч менен кармап кеткен.

Бул окуя 9-январда Алматыдагы ооруканалардын биринде болгон. Бул видеону жарадарларды айдап алып чыккан окуянын күбөлөрү тартып алган. Күбөнүн ырасташынча, беткапчан ОМОН менен полиция 20 чакты адамды бир автозакка тыгып, алып кеткен. Жарадарлар аксаңдап араң жүрсө да, аларга күч колдонулуп, балдактарын алып ыргытышканы айтылды. Арасында жаштар менен кары-картаңдар да бар. Кармалгандардын андан кийинки тагдыры белгисиз.

“ОМОН менен келген полиция ок тийип, токмоктолгон жарадарлардын бардыгын ооруканадан кармап кетти. Аларды палатада уруп-согуп, кийингенге да мүмкүнчүлүк беришпеди. Төшөктөн тургузуп эле жылаңаяк алып чыгышты. Ооруканада дарыгерлер коркуп калган. Эч бир маалымат бербейт. Аларды кармап кетет деп ойлобогон врачтар жарадарларды жаткызганга өкүнүп калышты”, - деди ысымын ачык атагысы келбеген окуянын күбөсү.

Прокуратуранын жообу

Расмий маалымат боюнча Алматыдагы 5-6-январдагы окуялардан кийин 731 адам кармалып, тергөө абагына жеткирилди. Анын ичинен 711 киши соттун чечими менен камакка алынган. Арасында жаракат алып, ооруканага түшүп, ал жактан кармалгандар бар. Алматынын прокуратурасы кылмышка шектүү 23 жарадар жаран күзөтүлгөн тартипте шаардык ооруканада дарыланып жатканын билдирди.

“Жеңил жаракат алган оорулуулар аныкталган учурда аларга абак жайынын өзүндө медициналык жардам көрсөтүлөт. Тергөө абагында медициналык жардам берүү мүмкүн болбогон жагдайда алар жарандык ооруканаларга жеткирилип, палатасына күзөт коюлуп, дарыланат. Азыркы мезгилде мына ушундай күзөтүлгөн тартипте мурда кармалган 23 киши дарыланууда”, - деп билдирди Алматы шаардык прокуратурасынын расмий өкүлү.

Укук коргоочулар эскертет

Анткен менен укук коргоочулар түрмөдө тиешелүү дарылоо жоктугун айтып, жарадарларга медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу - кыйноонун бир түрүнө кирерин эскертүүдө. Анткени Казакстан кол коюп, кошулган адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга ылайык, адам кылмышка шектелген учурда дагы анын саламаттыгы коркунучка кабылса, мамлекет ага медициналык жардам көрсөтүүгө тийиш.

“Эгерде адамга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, анда ал эл аралык стандарттар боюнча кыйноо деп саналат. Кылмышка шектүү кишинин саламаттыгы начар болсо, анда алгач ага медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканадан кармап кетпейт. Алардын саламаттыгы өзүнө келгенге чейин тергөө иштери жүргүзүлбөйт”, - деди Алматыдагы укук коргоочу Анна Солодова.

Ал эми камалгандардын жакындары аларды абактан бошотуп, тез арада ооруканага жаткырууну талап кылууда.

Алматыдагы нааразылык акцияларынан кармалып, камакка алынган уулуна тамак жеткиргени барган Гүлзада Жапарова абак жетекчилиги аны менен жолуктурбай жатканына даттанды. Ал уулу террорчу эмес экенин айтып, анын тайманбас эрки менен сыймыктанарын кошумчалады.

“Уулум өзү оор абалда отураса дагы, бардыгына болуша турган адам. Ошондой тарбия көргөн бала. Орус мектебин аяктаса дагы анын казакчылыгы күчтүү. Ошондуктан адвокат аны дарыланууга арыз жазууну сураса, ал өзүн коюп, жанындагы кансырап жаткан адамды дарылатуу керек деген. Ал өзү алган жаракатына чыдай турганын айтыптыр”.

Казакстандын башкы прокуратурасы 5-6-январдагы арты башаламандыкка айланган митингге катышкан 10 миңден ашуун киши кармалганын жарыялады. Анын ичинен 500дөй адамга "террорчулук" боюнча айып тагылган. Мындан сырткары 225тей адам каза болуп, жүздөгөн киши жаракат алганы кабарланды.

Борбор Азияда электр жарыгы өчтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:48 0:00

Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесинде авария болуп, Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда электр жарыгы жапырт өчтү. Жарык берүү бир нече сааттан кийин калыбына келтирилди. Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ага байланыштуу иш боюнча Башкы прокуратурада тергөө амалдары бүткөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен тергөөчү кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз. АКШнын президенти Жо Байден Батыш державалары Орусиянын Украинага басып кирүүсүн алдын алыш үчүн бир муштумдай биригип аракет көрөрүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG