Экинчи дүйнөлүк согушка аксылык Абас Момунов да барган. Жашы 100гө таяп калган ардагердин баскан турганы тың. Жеңиш майрамында Абас Момуновго райондук бийлик машине белек кылды.
102 жаштагы Бедел Максутов Кара-Суу районундагы көзү тирүү жалгыз ардагер. Ал Экинчи дүйнөлүк согушка өтө жаш кезинде барып, кан күйгөн майданга катышкан.
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында Жеңиш күнүнө карата “Атадан калган туяк” спектакли көрсөтүлдү.
“Азовсталь” заводунун жер төлөсүндө баш калкалаган адамдар жана аскерлер эл аралык коомчулуктан жардам сурап жатат. Чек арада үч кыргызстандык Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болду.
Манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийликтен тараптан эч кандай басым болгон эмес. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов «Азаттыкка» маегинде билдирди. Анын айтымында, манасчы түшүнбөстүктөн улам эмоционалдуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө эки жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Акындын замандаштары анын ырларын окуп эскерет.
25-апрелде Кыргызстанда салттуу музыка күнү белгиленди. Аталган майрам быйыл 18-жолу өткөрүлүп жатат. Ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Орусиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышты.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери 5 миллион украин жараны өлкөдөн качып чыкты. Кыргызстандын санарип өнүгүү министри өлкөдө паспорт мафиясы күч экенин айтты. Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус жуктургандардын баары сакайып чыкканы үчүн "кызыл зоналардын” баары жабылды.
23-24-апрелде Будапешттен 40 чакырымдай жердеги ээн талаада Салттуу оюндар боюнча улуттук мелдештер өттү. Венгриядагы салттуу оюндар кыргыз, казак, башкыр, түрк жана башка түрк тилдүү элдердин байыркы оюндарына окшош. Мажарлар Кыргызстанга да келип, көчмөндөр оюндарына катышып кеткен.
Дагы жүктөңүз