Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Экономика

Sorry! No content for 5 Март. See content from before

жума 3 Март 2006

Кышкы жылуулук маалы бүтүшүн утурлап, өкмөт электр акысын өзгөртүүгө өттү. Мурдагы 150 киловат саатка чейин 43 тыйын, ашканы 80 тыйындын ордуна бир киловат саат электр энергиясынын акысы апрелден тарта 62 тыйынга санала баштайт. Жаңы тарифтин оорчулугу мойнуна түшчү социалдык аялуу катмардын өкүлдөрүнө бюджет эсебинен 250 миллион сом жардампул катары бөлүнүп берилет.

Энергетика тармагындагы жоготуулар, уурулуктар буга чейин жалаң тарифтерди көбөйтүүнүн эсебинен жабылып келген. Жаңы өкмөт азырынча бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүүдөн башка тармакты кризистен чыгаруунун амалын таба элек. Кыргызстан өткөн жылы 14 миллиардка бираз жете бербеген киловат саат электр энергиясын өндүрүп чыгарды.

Былтыр коммерциялык жана техникалык жоготуулардын деңгээли 42% жетти. Жашырын жоготуулар – квазифискал таңкыстыгы деген жалпы аталышта түшүндүрүлүп келаткан мүчүлүштүктүн толгон-токой себептери бар. Өкмөт башчы Ф.Куловдун ырасташынча, мамлекет чөнтөгүнө түшчү 8 миллиард сом акча талаага кетүүдө.

- Коммерциялык, техникалык жоготуулар, электр акынын толук чогултулбай калышы, анын үстүнө акча менен чогултуунун төмөнкү деңгээли сакталууда. Дагы бир себеп, биздеги тарифтердин энергиянын өздүк наркынан төмөн тургандыгы.


Ф.Кулов азырынча тарифтердин көбөйүшү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Электр акынын эки ажырымдыгы энергетикадагы алдым-жуттумдукка гана жол ачууда. Адистердин ырасташынча, айылдагы жөн-жай керектөөчү орто эсеп менен айына 500 – 600 киловат саат электр энергиясын пайдаланат. Бирок да анын электр акысы 43 тыйындан жогору көтөрүлбөй, эсеп-кысаптын баарында 150 киловат сааттык чек гана көрсөтүлүп келатканы деле жашыруун эмес.

Кыргызстандын 1 миллион 100 миң абоненттеринин текши баарынан электр акысын убагында төлөтүп алууга энергетиктердин чама-чаркы жетишпейт. «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Батыркул Баетовдун ырасташынча, бирдиктүү тарифтин оорчулугу колу жука адамдарга тийбейт. Өкмөт аларга жардам пул катары 250 миллион сомду быйылкы жылдын бюджетине киргизген.

- Бакубат жашагандар, нормалдуу жашагандар 62 тыйындан төлөш керек. Ошондо бизде сатылган электр энергиясынын наркы быйылкыдай 46 тыйындан айланбаш керек. Айтып атышпайбы, өздүк наркы 11 тыйын болсо, жеткирип бергени 5 тыйын болсо, тариф эмне үчүн мындай дешип.

Кыргызстан социалдык-экономикалык кыйын абалга капталгандан бери оорчулуктун кыйласын көтөрүп келаткан энергетика тармагында электр энергиясынын өндүрүш наркы арзан болгону менен жылуулук энергиянын баасы кымбат. Өкмөт жылуулукту керектөөчүлөргө кыйла эле арзан баада сатып, ортодогу ажырымды электр энергиясынын эсебинен жаап келатат.

- ТЭЦтики 20 тыйын, ал эми ГЭСтердики 3 тыйындын тегереги. Орточосу 11 тыйын. 5 тыйын энергияны жеткирип берүүгө кетет. Ошону менен 16 тыйын болот. Ал эми компаниялардын чыгымдары да бар. Баарын чогулта келгенде кыйла эле болуп кетет,- дейт Батыркул Баетов.

«Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун президенти Салайдин Авазов мурдагы тарифтер боюнча электр акысын жыйноо кыйла татаал жумуш болчу дейт.

- Бирдиктүү тарифке өтсө бүгүн айтылып аткан жыйноочулардын арасындагы коррупция жоюлат. Баары ачык, пенсионер адамдарга да түшүнүктүү болмок.

Тармакта чогулуп калган үч орчун проблеманы мамлекет чече албастыгын президент К.Бакиевдин да атайын белгилеген жайы бар.

- Энергетикадагы эң негизги проблема райондук электр тармактарындагы электрэнергиясын эсепке алуунун төмөнкү деңгээли. Элдин электриктерге кошулуп ток уурдоосу ушул жерде. Экинчиси - бартер менен өз ара эсептешүү. Натыйжасы тарифтер көтөрүлөт, коррупцияга кенен жол ачылат. Үчүнчүсү – мамлекеттин колундагы ишканага эч кандай инвестиция келбейт.

Ошондон өкмөттүн кийинки кездери бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү аракети сырттан инвестиция тартуунун дагы бир аргасы болууда. Адистердин айтымында, чет эл инвестору деле электр акысын чогултуу тартибин катуулатуудан баштары бышык. Бирок да ал артынан электр акысынын кымбатташын ээрчите келери турулуу иш. Тарифтердин көтөрүлүшү элдин өкмөткө делген ишениминин азайткандан башкага жарабайт.

Кыргызстанда энергетика тармагындагы орун алган коррупция фактылары жөнүндө өкмөттүк комиссия таркаткан маалыматтар дагы бир чуулгандуу чырга айланганы турат. «Электр станциялары» акционердик коомунун баш деректири Сапар Балкыбеков бурмаланган маалыматтар менен каралап жатат деп комиссиянын башчыларын сотко берерин бүгүн жар салды. Комиссия өкүлдөрү өз кезегинде өлкөнүн энергетика тармагында ири акчаларды уурдоого кыныккан мурдагы режимден калган система жатканын белгилеп, аларды прокуратура териштирип чыгышы зарыл деп белгилешүүдө.

«Электр станциялары» акционердик коомунун баш деректири Сапар Балкыбеков энергетиктердин ишин текшерген мекеме аралык комиссия бир жактуу, чындыкты бурмалаган, каралаган материалдар менен энергетиктердин жетекчилигин жаманатты кылып, кызматтан алуу максатын көздөйт деп билдирди. Балкыбеков бул жөнүндө бүгүн АКИпресс агенттигинде сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.

- Комиссиянын максаты бир эле – «Электр станциялары» акционердик коомунун башкаруучу органын жамандоо жана кызматтан алып түшүү, анын ордуна өздөрү жактырган кишини коюу болуп саналат,- деди Сапар Балкыбеков.

Электр станциялары акционердик коомунун ишин премьер-министрдин тапшырмасы боюнча текшерген комиссиянын жыйынтык маалыматы бир күн мурда эле агенттиктер аркылуу коомчулукка тарап кеткен. Анда энергетиктер электр кубатын экспортко сатууда жана Казакстандан көмүр ташууда ири каржылык мыйзам бузууларга жол берип, анын натыйжасында «Электр станциялары» акционердик коому өткөн жылы 371 миллион сом чыгашага учураганы жазылган. Комиссия энергетика тармагындагы каражат уурдоого кыныккан коррупциялык система азыркы учурда мурдагыдан да күчөгөндүгүн белгилеп, прокуратура буга тезинен текшерип чара көрүшү зарыл экенин билдирген. Комиссиянын жыйынтык маалыматы реалдуу фактылар менен жазылган деп билдирди Азаттыкка комиссиянын мүчөсү, депутат Замирбек Эсенаманов:

- Миллиарддаган сомдорду чөнтөккө салып алышканын кимден жашыра алат? Биз справкага жазылган нерселердин бардыгын фактылар менен жазганбыз. Эми калганын прокутарура органдары териштирип алат деген ойдобуз.

«Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчилери өз кезегинде комиссиянын айыптоолорун негизсиз деп четке кагышууда. Сапар Балкыбековдун айтымында электр кубаты Кыргызстандын ички рыногуна караганда экспортко арзан баада кетип жаткандыгы жөнүндө комиссиянын бүтүмү туура эмес.Сырткы рынокко электр кубатын экспорттоодо, сырттан көмүр сатып алууда мыйзам бузууга жол берилген эмес.

Энергетиктердин ишин текшерген комиссиянын жыйынтык маалыматын комиссия мүчөлөрүнүн бир бөлүгү объективдүү эмес деген негизде кол коюудан баш тартышкан. Так ушул себептүү, байкоочулардын баамында, анын жыйынтык маалыматы объективдүү экендиги чоң шек туудурат. Анткени, комиссия курамы компетенттүү деп айтуу кыйын, ага эсеп палатасынын, прокуратуранын өкүлдөрү кирген эмес.

- Комиссиянын курамында Балкыбековдун таламын талашкандар бар, энергетика тармагын чукуп казгысы келген адамдар да бар. Эгер бул тармактын проблемаларын чечүү максаты коюлган болсо комиссиянын курамы компетенттүү түзүлмөк. Менин оюмча, бул жерде максат башка. Максат - тармакты тартипке келтирүү эмес, балким, кадрларды алмаштыруу жагын көздөгөндөй туюлат,- деди Бишкектеги эл аралык аналитикалык борбордун өкүлү Уултай Дайракунова.

Энергетика тармагындагы коррупция фактыларын чукуган араздашуулар ошентип, бир жагынан соттук жаңжалга айланганы турат. Экинчи жагынан, байкоочулардын баамында комиссия маалыматына таянып, эми энергетика тармагын бүтүндөй прокуратура текшерип башташы мүмкүн. Балким, ага жеткирбей эле энергетиктердин жетекчилерин кызматтан четтетүү чаралары көрүлөт. Бул окуянын кандай өнүгүшү эртең энергетиктердин ишин караганы жаткан өкмөттүк жыйындан кийин белгилүү болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG