Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Экономика

Перизат Тойчубекова.

Перизат Тойчубекова алты жыл мурда атайын төшөк көктөй турган чакан цех ачкан. Азыр анын цехинде ондон ашык кыз-келин иштейт.

Күз келип той-топур күч алып, кызга сеп камдагандар арбын. Андыктан азыр тигүү цехинде иш кызып турган чак.

Бул цехте негизинен жууркан, жер төшөк, эт төшөк жана жаздык жасалат. Курактан жасалган буюмдардын баасы да ар кандай.

Ишканада жумуш таң эрте башталат.

Перизат Тойчубекованын (солдон экинчи) кардарлары көбүнесе жергиликтүү жарандар. Бирок акыркы жылдары анын ишканасынан чыккан буюмдар Европага чейин сатылып жатат. Чет жерде жашаган кыргызстандыктар пано, жууркан же жер төшөктөрдү атайын буюртма менен алдырат экен.

"Чет жерде жашаган кыргызстандыктар биз жасаган буюмдарды аябай барктап, баалашат. Кыргызстанды сагынышат го чамасы. Атайын буюртма менен жасатып, алып кетишет. Андан сырткары кыргыздын курактары өтө кооз, көргөн кишини өзүнө тартып турат", - дейт Перизат Тойчубекова.

Бул цехте мүйүз курак, чий курак, каттама курак, айланама курак, тырна өңдүү курактын 20дан ашык түрү жасалат. Ар бир курактын өзүн аты, мааниси бар. Курактан жасалган ар бир буюмда терең философия жатат.

Курак - кыргыздын байыркы өнөрлөрүнүн бири. Кыргызда кызга курактап төшөк көктөп, түркүн түстүү жиптерден сайма сайып сеп даярдашкан.

Учурда уздар төшөктөрдү кардарлардын табитине ылайыктап, өзгөчө стилде, курак менен кооздоп жасашат. Заман талабына жараша курактын, төшөктөрдүн өңдөрү да өзгөрүүдө. Мисалы мурун ачык кызыл, мала түстөгү өңдөрдөн жасалган жер төшөк, туш кийиздер тигилсе, азыр жашыл, көк түстөгү төшөктөр модага айланды.

Кардарлар көбүнчө үйүнүн дизайн жана пардаларынын өңүнө жараша буюртма беришет. Мындан улам жашыл, күлгүн, көк түстөгү төшөктөр көп жасалат.

Бир куракты жасаш үчүн тикмечилер ар түстөгү материалдарды атайын кесип алышат. Анан кайра курап алышат. Мурун курак матанын өөнүнөн колдо жасалып, тигилсе, азыр атайын тигүүчү машиналарда (бешинчи сүрөттө) тигилет.

Андан соң атайын бөлүкчө болуп жасалган майда курактар кайра бири-бирине кураштырылат.

Курак канчалык майда болсо, ошончолук кооз көрүнөт.

Даяр болгон материалдын ичине кебез салынат. Кебез экологиялык жактан таза келип, уктап жатканда тердетпейт. Жылуулукту көпкө чейин кармап турат.

Кебез тегиз болушу үчүн тикмечилер атайын таяк менен уруп, түздөп чыгышат. Андан кийин гана төшөк капталат.

Калыс мындагы төшөк каптаган тикмечилердин бири. Ал бул өнөрүн апасынан үйрөнгөн.

Төшөк каптагандын да өзүнчө эрежеси бар. Ичине салынган жүн же кебез жылып кетпеши үчүн аябай майда сайылат.

Курак төшөктөр көп эмгекти талап кылгандыктан баасы да ошого жараша кымбат. Мисалы бир жер төшөктүн баасы 1800 сомдон 3800 сомго чейин бааланат. Жууркандардын баасы 3300 сом, ал эми эт төшөктөрдүн баасы 2500 сом. Жаздыктардын баасы 450 сомдон 700 сомго чейин.

Жууркан-төшөктөрдөн сырткары Перизат Тойчубекова туш кийиз, пано, курактан дастаркон, бешиктин жасалгаларын тигет. Андан сырткары улуттук кийимдерди да тигет.

Жыйырма жыл мурун кыздын себин үйдөн даярдоо кадимки эле көрүнүш болчу. Акыркы мезгилде кыргыз аялдарынын көпчүлүгү мурдагыдай ийне кармап, сайма сайбай калышты. Бир кездерде өз кийимин өзү тиккен доор артта калгандай. Бирок Перизат Тойчубекова өңдүү чебер уздар, кыргыздын унутта калып бара жаткан өнөрүнө жаңыча өң берип, баар таап жаткан чагы.

Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдык “критикалык чекте” экенин моюнга алды. Суу аздыгынан электр энергиясы тартыш болуп, керектөөчүлөргө коюлган лимиттен ашып жаткандыгы, көмүр жетишсиз экени айтылды.

Жогорку Кеңештин өкмөттүн кышкы сезонго карата даярдыгын караган жыйында депутаттар тарабынан сын-пикирлер болбой койгон жок. Бирок жыйын шашылыш жыйынтыкталды.

Энергетикадагы кризис

12 маселени камтыган 20-октябрдагы күн тартиби сунуш-пикирлерден улам 50гө чейин узарды. Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер кабинетинин ишин кароо алгачкы тизмеден алып салынып, бир нече депутаттын талабынан кийин кайра кошулду.

Эл өкүлдөрү жети облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилиги келип күтүп олтурганын айтып, шаштырууга аракет кылган менен аталган маселе кечке жуук гана каралды.

Жыйында алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кенен баяндама жасады.

Азиз Аалиев
Азиз Аалиев

“Жалпы энергетика сектору тууралуу айтсак, абалы критикалык оор деп айтып кетсек болот. Анткени анын негизин түзгөн гидробалансыбыз жакшы эмес. 2017-жылдан бери төртүнчү жыл кургакчылык болуп жатат. Суунун деңгээли орточо жылдык нормадан төмөн болуп, анын кесепетинен Токтогул суу сактагычыбыздын деңгээли 12 млрд. куб метрден ашып жатат. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2-3 млрд. кубга аз. Бул критикалык тобокелдик. Себеби, биз жылына 7-8 млрд. куб колдонобуз, эмки апрелге суу эң төмөнкү чекке түшүп калышы мүмкүн. Албетте, биз ага жол бербешибиз керек. Аны көзөмөлгө алып жатабыз”.

Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик былтыркы кыштан бери сезилүүдө. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясы импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстан да электр кубатын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда.

Буга кошумча Бишкек жылуулук электр борборундагы электр өндүрүү көбөйтүлүүдө. Мурда ЖЭБ жылына 1,2 млрд. кВт/саат электр өндүрсө, быйыл көлөм 2-3 млрдга чейин жетиши мүмкүн.

“Жыл башында бекитилген планга ылайык, ар бир облуска электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит коюлган. Чек былтыркы жылкы керектөөлөрдүн деңгээлинде түзүлгөн болчу. Бирок лимиттерден өтө көп ашып кетип жатабыз. 1-октябрга карата эле 500 млн. кВт/саат электрди ашыкча пайдаландык. Ошондуктан элибизди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырып кетем”,-деди Азиз Аалиев.

Азыркы шартта Кыргызстан жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрөт. Бирок керектөө да ушунча болот, көбүнчө андан да ашып кетчү. Акыркы маалыматтарда быйылкы керектөө 17-20 млрд. кВт/сааттын тегерегинде болушу мүмкүн болжолдонгон.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

“Биз эмне үчүн кезектешип өчүрүү болбойт деп жатабыз. Анткени биз Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн билебиз, Бишкек ЖЭБинде максималдуу түрдө канча өндүрө аларыбыз белгилүү. Башка өлкөлөрдөн ташып келүү тууралуу келишимдерибиз бар, алардын көлөмдөрү так. Ошол себептүү биз жеткирип чыгып кетебиз деп жатабыз. Ошого карабай үнөмдөгүлө дегенибиз, бизге кошумча жардам болуп калат. Анткени көп адамдар зарыл эмес учурда деле электр энергиясын өчүрбөйт, алар кырдаалды билишпейт. Биз сырттан кымбат тарифте алып, элге арзан сатып жатабыз. Ошол себептүү үнөмдөө баары бир керек. Ооба, көйгөйлөр бар. Бирок биз мындан чыгып кетебиз”.

Депутат Акылбек Кемелов “кезектешип өчүрүү жок” деген сөздөн күмөн санап, пландык өчүрүү болуп жатканын айтты. Башка бир эл өкүлү Аида Касымалиева дагы муну бышыктады.

“Өчүрүүлөр жок дегениңиздер менен жер-жерлерде электр жарыгы өчүп жатканы тууралуу кабарлар келип жатат. Ишканалар, тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учурады. Көп эле күндөрү токтоп калды. Натыйжада ал өндүрүштүн азайышына таасир этүүдө, кызматкерлер жумушсуз калууда, айлык-маяналар берилбей калды”.

Көмүр тартыш

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат. Ушул кезге чейин 500 миң тоннадай эле даяр болгон. Буга Кара-Кечедеги талаш-тартыштар себеп болууда.

Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков көмүрдүн баасы туруктуу кармалып жатканына ишендирүүгө аракет кылды:

Кеңешбай Тайлаков
Кеңешбай Тайлаков

“Бүгүнкү күндө былтыркыга салыштырмалуу дүң баалар өзгөртүлгөн жок. 1250 сомдон 1350 сомго чейин, бардык 21 компанияга бааларды белгилеп бергенбиз. Аны мониторинг кылып жатабыз. Рынокто баалар көтөрүлүп жатат, бүгүндөн баштап аны да жөнгө салуу кирди. Жакынкы арада аны иретке келтиребиз. Бул боюнча үч механизм менен иш алып барабыз, чараларды көрө баштадык. Жер-жерлерде жумушчу топтор түзүлдү, алар тиешелүү иштерди жүргүзөт”.

Бирок мурдараак Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын октябрына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл бул айда көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1% өскөнүн маалымдаган. Бишкек шаарында Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылып жатат, бул өткөн жылга салыштырганда 1400 сомго кымбат. Баткенде жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда.

Депутат Айнура Осмонова “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын бюджети толук иштетилип бүткөнүнө көңүл бөлүп, мындай жагдайда көмүргө акча жетпей каларын эскертти:

Айнура Осмонова
Айнура Осмонова

“Эгер силер бардык акчаны эми эле иштетип, түгөтүп алсаңар күйүүчү майларды, көмүрдү, мазутту кайсы акча менен төлөйсүңөр? Алар жетишпегени, камсыздоодо көйгөйлөр болуп жатканын жакшы билебиз да. Менимче абоненттик топтомдоруңарды да жеткире албайсыңар. Жеткирүүчүлөр азыртан эле акчасын ала албай калганын даттанышууда. Мына кыш суук болот деген болжол болуп жатат. Мазутка, же көмүргө каражат төлөнбөй калса, бул өз убагында жылуулукту камсыздоону үзгүлтүккө учуратат. Анда эл кышында суукта калышы мүмкүн”.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев бул маселе жөнүндө сөз алганда, аталган ишканага каражаттар жетпесе кошумча бөлүнөрүн билдирип, “элди үшүтпөй алып чыгып кетишерин” кошумчалады.

Күз ортологондогу даярдык

Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы кечигип жатканын мурдагы жыйындарда депутаттар бир нече жолу эскертишкен. Адатта өткөн жылдары бул боюнча баяндама парламентте июнь-июль айларында, эң кечиккенде сентябрда каралчу.

Быйыл 12-октябрда маселе Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетте каралган учурда депутаттар өкмөттүн өкүлдөрүн маалыматты күз ортолоп калганда алып келгени үчүн сынга алышкан. Андан бери дагы бир апта өттү.

Депутат Өмүрбек Бакиров жыйында буларга токтолду:

Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

“Биринчиден, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча баяндаманы былтыркы жылга салыштырмалуу өтө кеч алып келдиңиздер. Экинчиден, ал үч негизги тармакты камтыйт: электр энергиясын, көмүр жана күйүүчү-майлоочу каражаттар. Энергетика тармагында, тогуз айда 10 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрдүк деп жатасыздар. Мунун 10,5% эле жоготуу деп жатасыздар, ал жалган. Биз текшергенде жоготуу 20% кем эмес экенин аныктаганбыз. Кезектешип өчүрүү дегенди болгону лимит деп өзгөртүп алыпсыздар да, ошондон ашып кеттиң деп өчүрүп жатат экенсиздер. Азыр бардык жерде өчүрүү болуп жатат. Ал эми күйүүчү майдын баасы, A-98 үлгүсүндөгү бензин 70 сомго чейин чыкты, көмүр да кымбаттоодо”.

Кантсе да, өкмөт күйүүчү май боюнча көйгөй бар экенин мойнуна алууда. Муну Орусияда дүйнөлүк рынокто мунай кымбаттап кеткени, ошол себептүү Орусияда бензин менен дизел отуну кымбатыраак сатылып жатканын билдирүүдө.

Кайрадан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин сөзүн берели:

Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май саткан негизги компаниялардын бекеттериндеги 5-октябрдагы баалар.
Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май саткан негизги компаниялардын бекеттериндеги 5-октябрдагы баалар.

“Мунайдын бир баррелинин баасы 40 доллардан 80 долларга чейин кымбаттады. Бул күйүүчү майлардын кымбаттаганынын биринчи себеби. Ал бизден көз каранды эмес. Экинчиден, Орусияда мунайды кайра иштетүүчүн заводдордо чыккан баа көтөрүлүп кеткен үчүн бизге да кымбат келүүдө. Ошол себептүү биз бааны кымбаттатпоо үчүн квоталык режимди кеңейтип, бажы төлөмүсүз кирген бензин жана дизелдик отунун 200 миң тоннага чейин көлөмүн көбөйткөнгө жетиштик. Жылдын аягына чейин кошумча, арзаныраак келет”.

Баса, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы да мурдараак билдирүү жасап, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттаган себебин мына ушул нерселер менен түшүндүргөн. Уюм октябрь ичинде эле бензин менен дизель 1,-1,5 сомго кымбаттай турганын эскерткен эле. Бирок нефтетрейдерлер бааны туруктуу кармоонун жолу бар экенин, ал үчүн өкмөттөн жардам болушу керектигин билдирген.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов бул боюнча сунушка өкмөт азырынча жооп бере электигин билдирүүдө:

Канат Эшатов
Канат Эшатов

“Бааны туруктуу кармоо үчүн мамлекеттин да жардамы керек болуп жатат. Ошол себептүү биз өкмөткө сунуш берип, бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну суранып жатабыз. Эгерде бул чаралар кабыл алынса, бензиндин чекене баасын 3 сом 70 тыйынга, дизелдин чекене баасын 4 сом 8 тыйынга чейин төмөндөтүүгө болот. Азыр маселени тиешелүү министрлик карап жатат. Бирок азырынча жооп берише элек”.

Күз-кыш мезгилине карата даярдыкты талкуулоо парламенттин жыйынында өтө кеч башталгандыктан азыраак талкуудан кийин эле иш күнү жыйынтыкталып калды. Төрага Талантбек Мамытов кароону улантуу үчүн жумуш убактысын узартып алуу зарылдыгын айтканда, депутат Аманкул Токтомамбетов талкууну токтотууну сунуштады.

Ошо менен талкуу токтоп, өкмөттүн баяндамасы боюнча токтом долбоору добушка коюлду. Натыйжада депутаттар эки айдан бери талап кылып келген күз-кыш мезгилине карата даярдык шашылыш жактырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG