Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жылы коронавируска байланыштуу карантин алынгандан кийин Кыргызстан Орусия жана башка өлкөлөр менен аба каттамдарын жанданткан. Ошол мезгилде Москвага учакка билеттердин баасы кескин өсүп, жумушуна кайра кайткан кыргызстандык мигранттардын айрымдары банктан насыя алууга аргасыз болду.

Октябрдын башында баалар мурдагы көрсөткүчкө келди. Эмне үчүн учак билеттин баасы мынчалык өстү?

Биз Aviasales компаниясынын Кыргызстандагы сырткы аба каттамдардын орточо баасы боюнча маалыматтарын анализдедик.

Андан төмөнкүдөй жыйынтык алынды:

Өткөн жылдын күз айларынан тарта баалар бардык каттамдар боюнча кымбаттаган. Айталы, Бишкек — Стамбул, Бишкек — Москва, Ош — Москва. Көпчүлүк багыттар боюнча баалар Москвадан тышкары кийинчерек арзандаган. Себеби, ал жакка кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү учат.

2021-жылдын февралында баалар өскөн. Мисалы, Ош — Москва багыты боюнча орточо баа 40 миң сомго, ал эми Бишкек — Москва каттамы боюнча баа 33 миң сомго жеткен.

Билеттин баасына ПЧР-тесттин жана өлкөгө кирүү үчүн талап кылынган негиздеменин баасы кошулган. Негиздеме — Орусиянын жарандары менен жакын туугандык мамилени тастыктаган маалымкат, кесиптик билими тууралуу маалымкат же ден соолугуңдун абалы тууралуу маалымкат болушу мүмкүн. Маалымкаттар негизи акысыз берилип келген, бирок аны алуу үчүн жарандардын бир бөлүгү ортомчуларга акы төлөп турушкан.

"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Билет баасына эмнелер таасир этет?

Үстүбүздөгү жылдын март айында "Манас" эл аралык аэропорту билдиргендей, учак билеттеринин баасын авиакомпаниялар бекитет. Ал эми Орусияга учуу кымбат болушун COVID-19 пандемиясынан улам туруктуу каттамдардын кыскарганы жана чартердик каттамдарда учуунун жаңы эрежелери пайда болгону менен байланыштырышкан.

Муну экономика боюнча эксперт Нургүл Акимова да тасыктайт.

"Бааларга авиакомпаниялардын саясаты, талап менен сунуштун катышы, компаниянын ишинин натыйжалуулугу, ошондой эле, учак парктарынын абалы таасир этет. Пандемиянын айынан жарандык учуулардын саны кыскарган. Каттамдар канчалык аз болсо, ошончолук баалар кымбат болот".

Карантинге чейин күнүнө беш-алты каттам болуп турган, андан кийин жумасына жети жолуга чейин кыскарган. Учурда рейстердин саны көбөйүп баратат: күнүнө Москвага Бишкектен үчтөн учак учууда. Бирок буга кошумча чартердик каттамдар да бар.

"Чартердик каттамдар бар болуп турганда учактын баасы түшпөйт. Бардык каттамдар туруктуу болуп калганда гана учуу арзан болот деп күтсө болот. Ал эми бул эпидемиялогиялык кырдаал жараша болот", - деп түшүндүрдү Жарандык авиация агенттигинин жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Жеңиш Эсенаманов.

Акимова учак билеттердин бааларына кыргыз сомунун долларга карата катышынын төмөндөгөнүнөн да көз каранды дейт. Эсиңизде болсо, 2020-жылдын октябрында доллар 79,6 сом болгон. Ал эми бир жылдан кийин 84,7 сомду түздү.

Саясат таануучу жана экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаков учак билеттеринин баасына коңшу өлкөлөрдүн жарандарынан түшкөн суроо-талаптын болушу да таасир этерин айтат. Өзбекстан менен Тажикстандын Фергана өрөөнүндө жашаган жарандары Ош жана Бишкек аркылуу Москвага учушат.

Башка эксперттердин ою боюнча билеттин наркына авиакеросиндин баасы да таасир этет. Дээрдик бардык каттамдарды орусиялык компаниялар ишке ашырат, ал эми өткөн жылдын кыш айларында авиаотун кескин кымбаттаган.

Учурда авиабилеттердин баасы арзандады — дээрлик карантинге чейинки баага келди. Бирок эч ким билеттер ушундай баада көпкө чейин кармалат деп кепилдик бере албайт.

Кыргыз-өзбек соодасынын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00

Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Кыргызстан менен болгон товар алмашуу өскөнү байкалды. 2008-2015-жылдары товар жүргүртүү орто эсеп менен жылына 270 миллион доллор болсо былтыр 350 миллоин долларга чукулдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG