Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Экономика

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы.

Кыргызстандын банк тармагында санкциялардын алдын алуу аракеттери күчөтүлүүдө. Улуттук банк коммерциялык банктарды санкцияга илинген уюмдар менен кызматташпоого чакырды.

“Бакай Банк” кыргыз банктары “эки оттун ортосунда” калганын билдирүүдө. АКШнын Соода министрлиги Кыргызстандагы “Тро, Я” компаниясын санкция тизмесине киргизгенден бери ишкердик чөйрөдө кооптонуу күч алды. Адистер банктардагы акча которууларды көзөмөлгө алуу татаал экенин айтышууда.

Улуттук банк коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө жолугуп, санкциялар жана кошумча тобокелдиктердин таасири боюнча актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мекеме таркаткан маалыматка ылайык, банктарга санкциялык тизмедеги товарлар жана жактар менен иштешүүдөн оолак болуу сунушу берилген.

“Жолугушууда АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнө карата чектөө чаралары киргизилген учурдан тартып Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирине бөгөт коюу жана банктык корреспонденттик мамилелердин токтоп калуу тобокелдиктерине жол бербөө максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Атап айтканда, Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктарга санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири жөнүндө маалымдап турат жана санкцияларга жол бербөө максатында коммерциялык банктарга OFAC, Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирген товарлар жана жактар менен операцияларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана аларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууну сунуштайт”, - деп айтылат Улуттук банктын сайтында.

Улуттук банктын жолугушуусу менен катар эле “Бакай банкы" да Кыргызстандын банк системасына карата санкциялык тобокелдиктер тууралуу расмий билдирүүсүн жарыялады.

Банк Орусиянын Украинага каршы аскерий агрессиясын колдобой турганын белгилеген. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан менен Орусиянын экономикасы бири-бири менен тыгыз байланышта экенин эске алып, санкциялар учурунда бизнеске таасир эткен жагдайлардан кыйгап өтүү кыйын экенин моюнга алган.

“Теория жүзүндө, Кыргызстан чечкиндүү чечим кабыл алып, Кытайдан кийинки экинчи орунда турган ири экономикалык өнөктөшү менен соода байланыштарынын баарын чорт кесе үзүп салды деп элестетип көрөлү. Анда эмне болот? Кыргызстандын экономикасы саналуу күндөрдө, ашып кетсе бир аптада кыйрап калат. Баалар кескин өсүп, доллардын баасы көзөмөлсүз кетет жана гиперинфляция болот. Кыргызстандын экономикасынын локомотиви – ири жана орто бизнестин көпчүлүк бөлүгү жабылып калат, миңдеген кыргызстандыктар заматта жумуштан кол жууйт жана нан таба албай калат. Мамлекет пайда болгон боштукту толтура албайт, анткени бизнес да чалынат жана өлкө олчойгон карызга батат. Социалдык көйгөйлөр болуп көрбөгөндөй жарылат, анын ичинде кылмыштуулук жана башка көрүнүштөр кескин өсүп кетет”, - деп жазылган “Бакай” банктын билдирүүсүндө.

2022-жылдын соңунда “Бакай Банк” терроризмди каржылоого жана акча каражаттарын адалдоого каршы аракеттенүү боюнча талаптардын аткарылышы, мыйзамдардын сакталышы жаатындагы тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында Lexis Nexis Risk Solutions менен келишим түзгөн.

Бул компаниянын Firco Compliance Link программалык камсыздоосу санкциялык тизмеге кирген адамдар менен уюмдарды автоматтык түрдө аныктап берет. Маалыматтык база Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин, АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын (OFAC), Европа Биримдигинин Тышкы саясий ишмердик кызматынын, Улуу Британиянын Казыналыгынын ж.б. тизмелерин камтыйт.

Адистер Орусия санкциялардан улам үзгүлтүккө учураган логистикалык чынжырчаларын калыбына келтирүү үчүн Казакстан, Кыргызстан өңдүү коңшу өлкөлөрдү колдонуп жаткандыктан, былтыртан бери Борбор Азиянын банк системасында акча которуу көбөйгөнүн айтышууда.

Финансы рыногун талдоочу Арсланбек Кененбаев Орусиянын бекем таасиринде турган Кыргызстан эки оттун ортосунда калып, жабыр тартуу кооптуулугу өсүп баратканын белгилейт.

“Азыр Кыргызстан барскан менен дөңгөчтүн ортосунда калгандай болуп турат. Бир тараптан Орусия менен Евразиялык биримдикте турабыз. Жадагалса салык системабыз бир, мамлекеттин үстүндөгү башкаруу органы бар. Ошондуктан, интеграция абдан күчтүү. Аныгында, биз Орусиянын бир экономикалык субъектиси болуп жатабыз. Баары бир Орусияга абдан күчтүү байланыштабыз. Мындан эч кайда качып бара албайбыз, азырынча Орусиядан эч кайда кете албайбыз. Башка жагынан, Евробиримдик менен АКШдан санкциялар менен басым болуп жатат. Бирок, бул жакта биздин банктар этият болуп иштеши керек. Банктарда каталар боло берет, аларды Улуттук банк менен Финчалгын кызматы карайт. Балким, Кыргызстанга санкцияларды салышы мүмкүн. Бирок, башка тарабынан карасак, Европа менен АКШ биз Орусия менен биримдикте турганыбызды, бизде башка жол жок экенин түшүнөт да”.

Орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин эл аралык коомчулук Орусияга карата катаал санкцияларды салып келет. Мындан улам, эл аралык соода-логистикалык чынжырчалар үзгүлтүккө учураган. Кризистик жагдайда кыргыз банктарынын операциялык кирешеси кескин өсүп келет. Эл аралык акча которуулардан, валюталык операциялардан алынуучу комиссиялардан, чет өлкө валюталарын конвертациялоого кошумча комиссия киргизүү сыяктуу операциялардан түшкөн кирешелер жүздөгөн пайызга өстү. Эксперттер коомчулугу менен саясатчылар банктарды каатчылыктан акча жасаган сүткорлукка айыптап келет.

Финансы иштери боюнча эксперт Кубан Чороев кардарларынын акчасын жеткирип берүү милдетин аткарып жатканы үчүн банктар жоопкерчиликке тартылбашы керек деген пикирде.

“Негизинен тобокелдиктер кыргыз ишканалары Орусиянын ишканалары менен иштегенден эмес, орусиялык компаниялар Кыргызстанда кээ бир ортомчу компанияларды түзүп иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар, тобокелчиликтер ошондон келип чыгат. Маселен, айрым санкциялык товарларды сатып алып, анан Орусияга жеткирүүлөрдү караганда, ошондо негизинен жоопкерчиликти банк системасы тартпашы керек. Банктардын негизги функциясы – алардын акчасын контракттарына карата төлөп берүү. Кандайдыр бир регламенттер болушу мүмкүн. Бирок, ар бир операцияны ошол санкцияга төп келеби же келбейби текшерүү өтө кыйын. Ошондуктан, бул жерде банк системасы ортомчу эле болгондуктан, банктарга санкция салуу туура эмес болуп калат”.

Жыл башынан бери АКШ менен Европа Биримдигинин санкциялар боюнча чабармандары Кыргызстанга кайра-кайра келип Орусияга аскердик максатта колдонулуучу товарларды реэкспорт кылуудан карманууга чакырып келишти.

22-майда АКШнын Соода министрлиги Орусиядагы 69, Армения менен Кыргызстандан бирден компанияны санкциялык тизмеге киргизгенин жарыялады. Чечимде Кыргызстандык “Тро, Я” компаниясы санкцияга “Орусияга киргизилген экспорттук чектөөлөргө туш болгон товарлардын багытын буруу тобокелдигин жаратканы үчүн” кабылганы белгиленген.

Коллаж.
Коллаж.

Бишкектеги “Батуми” кафесинин айланасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду. Калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев атайын кызматка сурак берип, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бул маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытып, талаш-тартыш жаратты. Айрымдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты "мэриянын ишине кийлигишти" деп сындаса, башкалары шаар бийлиги ишкерлердин укугун бузуп жатканын белгилешүүдө.

26-майда Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев “Батуми” ресторанынын бузулушуна байланыштуу УКМКда сурак берип, атайын кызмат ага кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

“Батуми” кафесин бузууда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуу ордуна демонтаж ишин уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Нурдан Орунтаев тергөөгө келүү убадасы менен бошотулду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгону белгилүү болду.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев жана мэриянын басма сөз кызматы бул боюнча азырынча комментарий бербей турганын билдирди.

“Батуминин” ээси буга чейин ресторанды бузуудан 9 миллион сомго жакын зыян тартканы үчүн атайын кызматка жана Башкы прокуратурага арыз бергени кабарланган.

Анткен менен мүлккө байланыштуу чырга өлкөнүн коопсуздугуна жооп берген атайын кызматтын аралашканын сындагандар да болууда.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев "Батуминин" ишине прокуратура жана сот реакция кылышы керек болчу деген пикирде.

“УКМКнын кийлигишүүсүн мен мамлекетти башкаруу системасындагы чоң кемчилик катары баалап жатам. Бул ишке прокуратура, сот органдары баа бериши керек деп ойлойм. Бирок Кыргызстандагы реалдуулук ушундай, маселе бир-эки адамдын тегерегинде чечилип жатат. Ошол себептүү буга прокуратура же сот эмес, УКМК чекит койгондой болду. Система туура эмес болгондуктан ушундай кадамдар болду деп ойлойм. Демек, мунун артында чоң кызыкчылыктар, чоң таасирлер бар”.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев вице-мэрди жактап Фейсбук баракчасына пост жазды. Ошол эле маалда УКМКнын аракетин да сындаган жок.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Президент кимге тапшырма берсе, ал аткарылууга тийиш. УКМК төрагасына, өкмөттүн орун басарына тапшырма бергени президенттин эрки жана ал аткарылышы керек. Мисалы, мэрге тапшырма бериши керек эле да. Демек, мэрге ишенбейт. УКМКнын төрагасына тапшырма берип, "эмне болуп жатканын карап келчи" деген. Бул туура. Нурдан Орунтаевдин кылганы да 100% туура. Себеби, мэр өзү орун басарларына "шаарды тазалагыла" деп тапшырма берип жатат. Анын негизинде Орунтаев өзүнүн жумушун кылды. “Батуми” кафесине 10-15 күн мурда эскертүү берилген экен. Сенин жериңе каалаган киши келип эле курулуш жүргүзө берсе болбойт да. Орунтаевдин иши мыйзамдуу болгон, бирок анын аткарылышы мыйзамсыз болуп калышы мүмкүн. Балким сотко бериш керек беле билбейм”, - деди Түлөбаев "Азаттыкка".

Расмий маалымат боюнча, 2004-жылы “Эстаунд” ишканасы Бишкек мэриясы менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 1300 метр жерди он жылга убактылуу пайдалануу боюнча келишим түзгөн. Компания ал жерге автоунаа токтотуучу жай курмак. 2017-жылы келишим беш жылга узартылып, 2018-жылы “Эстаунд” кичи соода рыногун курууга уруксат алган. 2020-жылы кафе салууга уруксат берилген.

Мэрия “Эстаунд” жеңил конструкция менен курулуш курууга уруксат алып бирок капиталдык курулуш жүргүзгөнүн, андан тышкары автоунаа токтотуучу жерге имарат түшкөнүн билдирген. Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы быйыл 2-майда “Эстаунд” менен келишимди узартуудан баш тарткан жана ресторанды бузуу тапшырмасын берген.

Нурдан Орунтаев буга чейин "Азаттыкка" мэрия ресторанды буза турганын 17-майда эле эскерткенин, бирок ээси талапты аткарбай койгонун айткан.

“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”, - деген ал.

“Эстаунд” компаниясы болсо ижара келишими боюнча 2004-жылдан бери жылына 339 миң сомдон салык төгүп келатканын, 19 жылда жердин ижарасы үчүн 7 миллион сомго жакын каражат төлөгөнүн билдирген. 2021-жылдын май айынан баштап ай сайын товар жүгүртүүдөн 300 миң сом төгүп турган. Кафеде 50гө жакын адам иштеген.

Юрист Бакыт Жумашев бул окуя мэриянын шалаакылыгынан, таза иштебегенинин айынан болду деп эсептейт. Мындай сынды ал ишкердин менчикке болгон укугу бузулганы менен негиздеди.

“Негизи келишимди карап көрүү керек. Келишимде "сот чечими жок эле объекти демонтаж кылганга болот" деген пункттар болсо ал башка кеп. Бирок объект курулгандан кийин соттун чечиминин негизинде бузулушу керек. Кандай жерге курулбасын анын үстүндөгү мүлк бирөөнүн менчиги. Конституцияда "менчикке мамлекет тарабынан кепилдик берилет" деп жазылып турат. Мыйзам бузуу болсо мэрия эмнеге убагында реакция кылган эмес? Ресторан курулганда эле "келишимди буздуңар" деп сотко бербейт беле. Анын ордуна көз жуумп коюшкан да. Аткаруу органдары таза иштесе, талаптарды убагында койсо, эл дагы ошого көнөт. Бирок андай болбой жатпайбы”.

Соңку айларда Бишкек мэриясы кызыл сызыктан чыгып кеткен дүкөндөрдү, мыйзамсыз коюлган көрнөк-жарнактарды алдырып жатат. Бул иштер айрым учурда нааразылык жаратып, ишкерликке кысым катары бааланууда.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев мындай учурда мамлекет адилеттүү болуп, башка ишкерлерге да чыгымын төлөп бериши керек деген пикирде.

"Мисалы, Манас көчөсүндөгү дүкөндөрдү конструкцияга бөлүп, өз-өзүнчө алган жок да. Дароо эле сындырып, бузуп, тазалап салышты. УКМКнын логикасы менен карай турган болсок, мэрия эми ал ишкерлерге дагы чыгымын төлөп бериш керек".

Вице-мэр Нурдан Орунтаев буга чейин "Азаттыкка" берген комментарийинде жыл башынан бери Бишкекте 3 миңге жакын мыйзамсыз курулуш буздурулуп, көрнөк-жарнактар алынганын билдирген.

Өткөн жылы сентябрда мэрия Шүкүров көчөсүндөгү кызыл тилкеден ашыра куруп алган үйлөрдүн тосмолорун бузган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасы да сүрдүрүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG