Жалал-Абаддын тургуну баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын 19 жаштагы уулу медициналык комиссиядан өтүп, армияга жарактуу деп табылгандан кийин былтыр күзүндө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Бир аптадан кийин анын ооруп жатканы тууралуу жакындарына кабар келген.
Кырсык
Курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Бир нече жыл мурда курулушта кулап кеткен он чакты учур, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.