Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Аксы боюнча макулдашуу комиссиясы жогорку бийлик жетекчилерине кайрылышты.


Аксы окуясында жабырлангандардан, бейөкмөт уюмдардан жана бийлик өкүлдөрүнөн түзүлгөн макулдашуу комиссиясы 22-ноябрда президент Аскар Акаев баш болгон жогорку бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Макулдашуу комиссиясы иштеп чыккан сунуш талаптар сегиз пункттан турат. Кайрылууда Аксы окуясында күнөөлү адамдардын ишин тез арада кароо, 14- мартта октон каза тапкан Үмөталиевдин өлүмүнө айыптууларга кылмыш ичин ачуу жана бийлик тарабынан элдин карама-каршылыгын жаратуучу иш чараларды уюштурбоо, 7-8-июнда Таш-Көмүр шаарында камалгандардын ишин токтоткондугун күбөлөндүргөн ишин тиешелүү кишилерге берүү талабы коюлду. Эл менен бийлик ортосундагы маселерди тегерек столдо чечүү жагы айтылып, Бишкекте кармалгандар бошотулса Кербенде митинг өткөрүлбөй турагандыгы айтылган. Курамына тогуз адам кирген маакулдашуу комиссиясы 21-мартта Кербенде түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG