Словенияда бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Мамлекет башчысынын кызматы үчүн өлкөнүн премьер-министри Янез Дрновшек менен баш прокурору Барбара Брезигар атаандашып жатат. Шайлоодо жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору талапкер катары премьер-министр Дрновшек каралууда. Аны добуш берүүнүн биринчи айлампасында шайлоочулардын 44% колдогон. Словениянын биринчи президенти Милан Кучандын кызмат мөөнөтү аяктады. Ал бийликке өлкө Югославиянын курамынан чыккан учурда келген. Эми кийинки мамлекет башчысынын тушунда Словения Евросоюзга жана НАТОго кирээри күтүлүүдө.