Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Чехиянын борбору Прагада бүгүн фермерлердин массалык демонстрациясы болуп өттү.


Ага, полициянын эсебинде, Чехиядан жана Словакиядан топтолгон 15 миңдей киши катышты. Фермелер эки өлкөнүн Евросоюзга кошулушун колдошту, бирок шаркеттен Чехия менен Словакияга да союздун башка мүчөлөрүндөй эле бирдей субсидия бөлүнүшүн талап кылышты. “Евросоюзга эмнеге кошулганга болбосун, бирок анын азыркы мүчөлөрү менен бирдей шартта кошулуу зарыл, болбосо жок”,- деп айтышты фермерлер. Шаркетке жаңы алына турган өлкөлөр үчүн Евросоюз азыркы мүчөлөрдүн 25 процент өлчөмүндө гана айыл чарба дотациясы берилет деп чечкен эле.

XS
SM
MD
LG