СТАМБУЛ. Түркиянын бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Түркияны Европа Биримдигине кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2005- жылы баштоо боюнча Германия менен Франция сунуш кылган болжолдуу планды четке какты. Партиянын лидери Реджеп Тайып Эрдоган кечээ Түрк-СНН телесине берген маалыматында бул сунушту кабыл алуу мүмкүн эмес жана маселе дагы талкууланууга тийиш деп билдирди. Кечээ Франция Түркиянын Европа Биримдигине кабыл алынуусуна байланышкан талаптарды аткарган-аткарбаганын 2004-жылы талдоого алууну сунуш кылган. 12-13 декабрда Европа Биримдигинин Копенгагенде боло турган саммитинде уюмга кирүүгө талапкер 10 өлкөгө чакыруу берилмекчи. Ошону менен катар Түркиянын талапкерлигине байланышкан маселе боюнча чечим чыгарылышы болжолдонот.
Түркиянын саясатчылары Европа Бримдигине кирүү боюнча айрым батыш өлкөлөрүнүн сунуштарын четке кагууда