Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Баткен областынын мектептеринде кышка даярдык начар бойдон калууда


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Областтык билим берүү жана маданият башкармалыгынан 10-декабрда алынган маалыматка караганда, областтын мектептерине быйылкы жылуулук берүүчү мезгил үчүн жалпысынан 9 миң 731 тонна көмүр ташылыш керек болсо, бүгүнкү күнгө дейре анын болгону 2 миң 692 тоннасы гана ташылган. Башкача айтканда, мектептер көмүр менен 28% гана камсыз болгон. Жылуулук берүү мезгилинин эчак башталганына карабай, айрым мектептерге тап-такыр көмүр түшүрүлгөн эмес. Иштин мындай солгун жүрүшүнө айыл өкмөттөрү тиешелүү акчаны убагында бөлүп бербей, бул маселеге кош көңүл мамиле жасаганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG