Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Ош областынын губернатору Накен Касиев шейшембиде маалымат жыйынын өткөрдү


Кожогелди Култегин

ОШ. Пресс-конференцияда губернатор айрыкча Президент Аскар Акаевдин соңку иш сапарынын маани максаты жөнүндө айтып, облус активи менен болгон жолугушуудагы Президенттин сүйлөгөн сөзүнү бир катар учурларына комментарий берди. Ошондой эле пресс-конференцияда журналисттер Накен Касиевден Ош облусундагы соңку кырдаал тууралуу да кайта-кайта сурашты. № 33 Кара-Кулжа шайлоо округундагы, № 35 «Ош-3000» шайлоо округундагы талаш-тартыштарга, соттошууларга, митинг, пикет, жүрүштөргө байланыштуу губернатор Накен Касиев өзүнүн пикирлерин ачык билдирди. Анын пикири жакында Ошко иш-сапар менен келип толук ачылып сүйлөгөн Президент Аскар Акаевдин ойлору менен кайчы келбей тургандыгы анык болду.

XS
SM
MD
LG