Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

ИРАК ОППОЗИЦИЯСЫ ЛОНДОНГО ЧОГУЛДУ


Лондондо Ирак оппозициясынын эки күндүк жыйыны ачылды. Ага, айрым эсептер боюнча, 300дөн ашуун көз карандысыз саясатчылар жана 30га чукул партиялардын өкүлдөрү келишти. Конференцияда оппозициялык бытыранды күчтөр бирдиктүү саясий майданга бириккенге аракет кылышат,ошондой эле Саддам Хусейндин режими кулатылган соң Иракты өнүктүрүү жолдорун талкуулайт.

Ирактын Конституциялык монархия кыймылынын лидери ал-Шариф Али бин ал-Хусейн Лондонго чогулган диссиденттер бирдиктүү уюм түзгөнгө милдеткер эмес, бирок демократиялык Ирак үчүн ортоктошуп, жалпы фронт ачканга жетишүүгө тийиш деп билдирди. Деген менен, байкоочулардын парасатында, Ирактын оппозициялык күчтөрүнө баш кошуу кыйынга турушу мүмкүн. Эмнеге дегенде ар кошкон топтордун арасын алыстаткан, атүгүл араздаштырган өтө эле көп факторлор бар. Баарыдан мурда байкоочулар алардын улуттук жана маданий айрымачылыктарын баса белгилеп жатышат. Анын үстүнө ар бир топтун өзүнчө саясий максат-мураттары, идеологиясы бар. Мындан тышкары алар Ирактын өнүгүү келечегин да ар түрдүүчө элестетет. Акырында алардын союздаштары да ар башка. Мисалы, шииттердин «Ирак ислам революциясынын жогорку кеңеши» деп аталган оппозициялык тобун Иран колдойт. Ал эми күрд саясатчылары менен «Ирактын улуттук конгресси» деп аталган уюшма Кошмо Штаттарынын активдүү колдоосуна таянат. Айтмакчы, Лондонго ала-кула ирак оппозициясы арка туткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү, алардын ичинде британдыктардан тышкары Кошмо Штаттарынан, Түркиядан, Кувейттен жана Ирандан да дипломаттар келишти.

Оппозициялык өкүлдөрдүн айтымында,алар кызматташканга үйрөнбөсө же ага умтулбаса, анда Ирактын келечегин аныктоодо, өзгөчө Саддамдан кийинки Багдад өкмөтүндө кандайдыр бир мааниге ээ боло албай тургандыгын таасын түшүнө баштады. Анын үстүнө буга дем бере турган өнөгө пайда болду. Атап айтканда, Ирактын түндүгүндөгү эки күрд тобу акыркы кездерде бир топ үзүрлүү иштерди жасаганга жетишти. Марсуд Барзани менен Жалал Талабани жетектеген күрд партиялары 90-жылдардын башында такай жоолашып келсе, эми алар жарнакташып, регионалдык парламент түзүштү, ага эки лидердин тең тарапкерлери киришти. Акыркы он жыл ичинде алар иш жүзүндө Ирактын түндүгүндөгү бир катар райондорду башкарып жатышат. Лондондо М. Барзани менен Ж.Талабани ирак оппозициялык топторуна ортодогу талаш-тартыштын баарын унутуп, баш кошконго өзүнчө бир «модел» болуп берет го деп үмүт кылышууда.

Конференцияга, арийне, бардык эле топтор өкүлдөрүн жөнөткөн жок. Айрым оппозициялык жамааттар атүгүл ага бойкот жарыялашты, анткени Лондондогу жыйынды алар Вашингтондун чоору алдында чогулду деп эсептешет. Кошмо Штаттарда болсо ирактык диссиденттердин ишине кийлигишкенден оолак болгонго аракет жасап, мунун баары алардын өз иши дегендей ишаара кылып жатышат. Бирок Вашингтон Лондондогу конференцияга агылгалап байкоо салып турарынан эч ким шек санабайт.

Ирактын өзүндө болсо оппозициялык топторго элдин мамилеси андан бетер ала-кула дешет. Ирак Улуттук Конгрессинин лидерлери өлкөдө калктын басымдуу бөлүгү бийликте оппозиция өкүлдөрүн көргүсү келет деп ишендиришти. Бирок жакында эле өткөрүлгөн көз карандысыз иликтөөдө ырасталгандай, көпчүлүк ирактыктар сүргүндө жүргөн бозгун-тозгун диссиденттерге анчейин ишенбейт жана аларга бийликтин эки тизгин, бир чылбырын бергенге азырынча макул эмес.

XS
SM
MD
LG