Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Кыргызстан бир нече мамлекетке соода өкүлчүлүгүн ачууда


БИШКЕК. 16-декабрда премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өнөр жайды жана инновациялык ишкердүүлүктү өнүктүрүү Кеңешинин жыйыны болуп, анда президенттин ушул тармак боюнча жыл башында кол койгон жардыгынын ишке ашырылышы талкууланды. Анда айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министрлиги тышкы соода менен Кыргызстанда чыгарылган товарларды чет жерде сатуу аракетин көрүп, Афганистанда, Беларуста, Орусиянын Сибирь аймагында, борбордук округдарында жана Москвада соода өкүлчүлүктөрүн ачты. Эми аны Орусиянын калган бөлүктөрүндө жана Кытайда ачуу аракети көрүлүүдө. Кеңеш экспортту көбөйтүү үчүн 2003-жылы «Электрондук соода» тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, соода өнөктөштөрү менен иштөө жандандырылсын деген чечимге келди.

XS
SM
MD
LG