Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Кыргызстандагы 12 ишкана 2002-жылдын мыкты ишканасы деп аталды.


БИШКЕК. Кыргызстандагы 12 ишкана 2002-жылдагы мыкты ишкана деп аталды. Мындай чечим өлкөдөгү мыкты ишканаларды сыйлоо боюнча Кеңештин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Чечимге ылайык чыгарган продукциялары менен кызмат көрсөтүүлөрүнүн мыкты сапаты жана коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн башкы сыйлык «Тансу», «Автомаш-Экол» жана «Автомаш-Радиатор» ишканаларына ыйгарылды. Калган тогуз ишкана конкурска активдүү катышып, сапаттуу продукция чыгарууну калыптандырганы үчүн сыйланышты. Сыйлыкты жеңүүчү ишканалар жыл аягында алышат.

XS
SM
MD
LG