Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Жапония жана Түштүк Корея Түндүк Кореядан тынчызданат.


Жапония жана Түштүк Корея коңшусу, Түндүк Корея БУУнун адистери тарабынан өзөктүк реакторлоруна көзөмөл ирээтинде коюлган жабдууларды алып салганына тынчыздануу билдирди. Пхеньян ушул аптада Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюмунун жабдуулары ал жерлерден алынганын ырастаган эле. Жапония Пхеньянды бул маселе боюнча МАГАТЭ менен сүйлөшүү баштоого, Түштүк Корея ал жабдууларды калыбына келтирүүгө чакырды. Түндүк Корея 1994- жылы АКШ менен түзгөн келишимге ылайык тоңдурулган атомдук электростанциясын, Кошмо Штаттар кадимки электростанцияларга отун жөнөтүүнү токтотконуна байланыштуу иштете баштаарын жарыялаган. АКШ болсо жогорудагыдай кадамга Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын улантып келгенин моюнга алгандан кийин барган эле. Түндүк Кореянын кайрадан ишке киргизилүүчү реактору өзөктүк бомба жасоодо керектеле турган плутонийди өндүрө алат.

XS
SM
MD
LG