Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Черногориядагы президенттик шайлоо жараксыз деп табылды.


Анткени, добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны 46 % гана түзгөн. Эми кайта шайлоо январь айында өтөт. Жекшемби күнү болгон шайлоонун соңунда билингендей, добуш бергендердин 84% мурдагы премьер-министр Филип Вуяновичти жактаган. Вуянович - Черногориянын Югослав Федерациясынын курамынан чыгышын көздөгөн саясатчы. Аны жакында президенттиктен кетип, өкмөттү башкарып калган Мила Жуканович колдойт. Эми Вуянович мамлекет башчысынын милдетин кайта шайлоо өткөнгө чейин аткарат. Ал шайлоо жараксыз деп табылса да анын жыйынтыктарын «моралдык жеңиш» деп баалады. ЕККУ уюму бүгүн Черногориянын бийликтерине шайлоо жарактуу деп табылыш үчүн шайлоочулардын кеминде 50 % катышуусун талап кылган мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG