Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Талас областында тоолуу аймактардагы адамдын өнүгүшү тууралуу отчеттун бет ачары болду.


Машакбай Рахманкул уулу

ТАЛАС. Талас областында тоолуу аймактардагы адамдын өнүгүшү тууралуу отчеттун бет ачары болду. Жыйынды Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүү Улуттук борборунун төрагасы академик Асылбек Айдаралиев ачып, Улуттук Отчетту даярдаган автордук топтун жетекчиси, доцент Мира Жангарачева Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнүн проблемалары туурасында таркатма жана көрсөтмө материалдар менен баяндама жасап, суроолорго жооп берди. Жыйында Талас областында да Талды-Булак, Ак-Коргон, Көпүрө-Базар жана Арал айылдары ушул долбоорго камтылып, алардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу багытында 10 миллион сомдун тегерегиндеги иштер демөөрчүлүк жардам аркасында бүткөрүлгөндүгү да айтылды. Жыйынга Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев катышты.

XS
SM
MD
LG