Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

АКШ Иракка эл аралык милдеттенмелерин бузган деген күнөө коюуда.


Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги Иракты “Бириккен Улуттардын Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алдындагы милдеттенмелерин орчундуу түрдө бузган”, деп күнөөлөдү. АКШнын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмуна тапшырган аскерий декларациясында Багдад өзүнүн кеңири кыруучу куралдары боюнча бардык маалыматты чагылдырган эмес. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 19-декабрь күнү атайын билдирүү жасап, “Ирактан чыккан коркунуч дагы эле бар”, деп билдирди. "Өз элине да, бүткүл аймакка да Ирак өзүнүн кеңири кыруучу куралдары менен коркунуч түзбөш керек. Куралсызданууну кантип баштаарды Ирак өзү чечиш керек. Бирок анын аскерий декларациясы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө бизди жакындатпайт",- деди мамлекеттик катчы. Анткен менен, Пауэлл Иракка каршы аскерий сокку урулаар-урулбасы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG