Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Учак кырсыгында өлгөн 25 адамдын жасаты табылды.


Исфахан шаарына жакын жерде кечээ күнү кырсыкка учураган украиналык учактын 25 жүргүнчүсүнүн жасаты табылганын Иран биликтери маалымдады.
АН-140 учагынын жүргүнчүлөрү жаңы учакты сыноо үчүн баратышкан украиналык жана орусиялык авиа-адистер болгон.
Украинанын тышкы иштер министрлиги учакта 44 адам болгон деп билдирсе, транспорт министрлиги 50 адам болгон деп маалымдаган.
Иран тараптын ырасташынча, кырсыктан 46 жүргүнчү жана төрт учкуч өлгөн.
Ройтер агенттигинин күбөлөргө шилтеп билдиришинче, учак Исфахан шаарына жакын жердеги чокуну сүзүп алган.

XS
SM
MD
LG