Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Уйгурлардын Мюнхендеги уюму Германиянын канцлерине кайрылды.


Уйгурлардын Мюнхендеги укук коргоочу уюму Германиянын канцлерине атайын кат менен кайрылды. Анда Герхард Шредерден Пекиндеги визит маалында Кытайдагы улуттук азчылыктардын проблемасын атайылап сөз кылууну өтүнгөн чакырык айтылат. Укук коргоочулардын катында Синьцзян провинциясындагы мусулман-уйгурларга каршы жасалып жаткан репрессиялар сөз болот. Мусулмандар ислам динин тутканы үчүн кодуланат, уйгур тилиндеги китептер өрттөлүп, аларга университеттерде эне тилинде билим алганга тыюу салынган, деп айтылат катта. Эл аралык мунапыс уюму да Кытай бийликтерин ушундай эле жүйөөлөрдүн негизинде сынга алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG