Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Президенттин эксперттик топ түзүшүнө айрым саясатчылар каршы пикирин билдиришүүдө.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Президенттин жогорудагыдай жардыгына карата, Конституциялык Кеңештин курамында иштешкен айрым саясатчылар ар-түрдүү пикирин билдиришүүдө. Маселен, Конституциялык Кеңештин төрагасынын орун басары, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Конституциянын соңку долбоорун эксперттик топко берүү туура эмес. «Эгерде, эксперттик топ деп саясатчы эмес номенклатуралык чиновниктеге бере турган болсок, алар карапайым элдин өкүлдөрү сунуштады деп, аткаруу бийлиги каалагандай долбоорду алып чыгышат», - деди Өмүрбек Текебаев.
Ал эми Конституциялык Кеңештин мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курмановдун пикиринде, эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын соңку долбоорун Конституциялык Кеңештин кароосунда кайрадан талкуулабай туруп, элдик референдумга сунуштоо туура эмес. Жогорудагыдай эле көз-карашты колдогон, мыйзамчы-депутат Абсамат Масалиевдин көз-карашында, эксперттик топту түзүүнүн зарылчылыгы жок. «Эксперттик топту түзүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Анткени, Конституциялык Кеңешмеде бир топ принципиалдуу маселелер киргизилген. Ошого бийлик макул болбой жатат», - деди Абасамат Масалиев.

XS
SM
MD
LG