Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Пакистандын ири шаарларында Ирак согушуна каршы демонстрациялар өтүүдө.


Пакистандын ири шаарларында миңдеген адамдар Американын Ирактагы ыктымал согушуна каршы демонстрацияларга чыгышты. Аларга Бахрейнде чогулган жүздөгөн демонстранттар үн кошууда. Пакистандагы демонстрациялардын башында турган, жакында парламенттик шайлоодо элдин кызуу колдоосуна арзыган катаал исламчыл уюмдардын лидерлери элди АКШга каршы үгүттөгөн чакырыктарды кыйкырып, президент Жорж Буштун сүрөттөрүн өрттөп жатышканы маалымдалат. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ал учурда Техас штатындагы өлкөнүн эң ири аскерий базасына барууга камынууда.

XS
SM
MD
LG