Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Алматыда журналист Сергей Дувановдун үстүнөн сот иши уланууда


«Өспүрүм кызды зордуктады» деп айыпталган журналист Сергей Дувановдун үстүнөн кылмыш иши Алматыда уланууда. Сот кечээ башталганда Дувановдун адвокаты Евгений Жовтис сот иши бир айга созулушу мүмкүн экенин билдирди. «Сот ишинин акыйкаттыгы кепилденди, анткени ага эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү байкоо жүргүзөт» деди Жовтис.
Дувановдун колдоочулары журналисттин саясий куугунтукка кабылганын айтышууда.
Өткөн жылы Дуванов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жана анын урук-туугандарынын финансылык былык иштери тууралуу жазган эле.

XS
SM
MD
LG