Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

СОГУШКА АКШ ДАЯР, ИРАК ДА БЕЙКАМ ЭМЕС


Кокус Иракка каршы согуш башталса,”Вашингтон пост” гезитинде пайда болгон маалыматтарга караганда, Пентагон ага 100 миңге чукул аскер контингентин мобилизациялаганы жатат. Президент Жорж Буш өткөн аптанын соңунда Техастагы аскер базасында сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттар согушка иш жүзүндө даяр экендигин ырастаган эле. Анын соңунан дүйшөмбү күнү Багдадда улуттук телеканал аркылуу калкка кайрылып, президент Саддам Хусейн да Ирак Кошмо Штаттар менен согушка шаймашай тургандыгын билдирди.

Пентагон Иракка жуук райондорго аскер контингентин топтоону улантууда. Деңиз флотуна караган жөө аскерлердин 45 миңдүү экспедициялык корпусу өткөн аптада Перси булуңуна көздөй жөнөгөнгө көрсөтмө алган эле. Региондо ушу тапта эле америкалыктардын 60 миңден ашуун колу жыйналды. Айрым кабарларда Пентагон адегенде бул жердеги контингенттин санын 250 миңге жеткирүүнү пландаштырганы айтылган болчу. Бирок дүйшөмбү күнү “Вашингтон пост” гезити америкалык коргонуу мекемесинен алынган маалыматтарга таянып, Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушка бир илектен ашуун аскер катыша тургандыгын жазып чыкты. Ал эми “Нью-Йорк таймстын” колуна тийген пландын долбоорунда Иракты оккупациялоонун эки варианты каралып, аны өтө создугуп кеткенде бир жарым жылдын ичинде аяктоо милдети белгиленген. Бу долбоор али ийине жеткириле элек, деп эскертет газета, ал ийне-жибине чейин такталып бүткөн соң президент Бушка сунуш кылынат. Өткөн аптанын этегинде Техастагы эң ири Форт Худ аскер базасында болгон кезде Буш өзү америкалык солдаттарды Иракка каршы согушка даяр турганга чакырды. “Биз даярбыз, камылгабыз жайында, кокус Кошмо Штаттарга урушканга туура келсе, анда биздин аскерлер адаттагыдай эле Американын өрнөктүү салтынан жанбай иш кылат”, - деп айтты Буш. Ошону менен бирге Буш иштин баарын тынччылык менен жайгарганга Ирак президентинин дале мүмкүндүгү бар экенин эскертти. Бирок Саддам бул мүмкүндүктү да колдон чыгарса, анда америкалык аскерлер анын режимин кулатканга аргасыз болот. Буштун сөздөрү боюнча, америкалык солдаттар Ирак калкын басып албайт, аны боштондукка чыгарат.

Саддам Хусейн болсо ирактыктар Кошмо Штаттар менен урушкандан коркпой тургандыгын билдирди. Болжолдонуп жаткан согушка Ирак ушу тапта эле даяр, деп айтты ал калкка кайрылган сөзүндө. Хусейндин ишениминде, акыйкат үчүн күрөшкөн элди жеңгенге болбойт. ”Акыйкат болсо Ирак тарапта”, - деп айтты ал. Хусейн, мындан тышкары, эл аралык инспекторлорду да айыптады. Алар, Хусейндин сөздөрү боюнча, массалык кыргын салуучу деп аталган куралдарды издегендин ордуна ирак илимпоздорунун тизмесин түзүп, аскер бөлүктөрү жана мыйзамдуу согуш өнөр жайы жөнүндө маалыматтарды жыйнап жатышат. Мындай аракеттерди же алардын көбүн Хусейн тыңчылык иш деп атады.

Хусейндин бул сөздөрүн төгүндөп, ошол эле күнү атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин - МАГАТЭнин башчысы Мохамед аль-Барадей массалык кыргын салуучу куралдары боюнча өз отчетунда Ирак кандайдыр-бир жалган маалыматтарды бергендигин ырастаган таныктар азырынча табылбагандыгын бышыктады. Бирок инспекция азыр уланып жаткандыгын, андыктан так кесер бүтүм чыгарганга али эртелик кылаарын да эскертти.

Шейшемби күнү эл аралык эксперттер инспекция иштерин улантышты. Айрым байкоочулар Ирактын атомдук программасы болбогон күндө да химиялык жана биологиялык куралдар кампасы бар деп эсептешет.

Ошол эле шейшемби күнү британ өкмөтү да өзүнүн Перси булуңундагы куралдуу күчтөрүн толуктоону чечкендигин жарыялады. Коргоо министрлигинде бышыкташкандай, бу максатка запастагы жети миңдей аскери милдеттүү адамдар мобилизацияланат. Акырында Франциянын президенти Жак Ширак өлкөнүн куралдуу күчтөрүн не бар, не жок, ар кандай ишке азыр турганга чакырды. Француз аскерлери, Ширактын айтымында, балким, уруш болчу райондорго ташталып калышы ыктымал. Ошентсе да ал Ирак Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын кандай аткарып жатканын кылдат байкап туруу зарыл деп билдирди.

XS
SM
MD
LG