Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча референдум 2-февралга белгиленди


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча жалпы элдик референдум 2-февралда өткөрүлөт. Бул тууралуу дүйшөмбүдө өкмөттүн кеңири жыйынында президент Аскар Акаев жарыялады. Мамлекет башчысынын айтымында, референдумду өткөрүү боюнча премьер-министр Николай Танаев башында турган уюштуруу тобу түзүлдү. «Конституциялык реформада жеңүүчүлөр жок» деген президент, бул да болсо компромисстин натыйжасы экенин белгиледи. Президенттин айтымында, Конституциялык Кеңешменин ишинин жүрүшүндө жана жалпы элдик талкууда түшкөн сунуштардын негизинде Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу ишинин Эксперттик топко тапшырылганынын себеби - бийлик бутактарында кызыкчылыгы жок окумуштуулардын жардамы менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча талкуунун жыйынтыгын обьективдүү чыгаруу болчу. Кеңири өкмөт жыйынында биринчи вице-премьер Курманбек Осмонов жана Эксперттик топтун башчысы Чолпонкул Арабаев Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүулөр жана кошумчалар жөнүндө маалымат беришти.
Жакынкы референдумдун мөөнөтү боюнча Кыргызстандагы саясий чөйрөгө аралашкан адамдар ар кандай пикирде. Атап айтканда, 13-январда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов: «Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумду 2-февралда өткөрүү эң туура. Өлкөдөгү саясий кырдаалды оңдоого багытталган бул ири саясий ишти өткөрүүгө эл даяр болуп калды. Демек, референдумду өткөрүү убагы туура белгиленген”.
Ал эми Адам укуктары боюнча кыргыз-америка бюросунун жетекчиси Наталья Аблова «референдумду өткөрчү күн өтө эрте жана шашылыш белгиленди» деген ойдо. Анын пикиринде, жалпы элдик талкуудан кийин эл Конституцияга киргизүүгө кандай өзгөртүү, толуктоолор сунушталганын билген жок. Натыйжада, эл референдумда кайсы суроолорго кандай деп жооп берерин да билбейт. «Мындай ири саясий жараян эл үчүн ачык болуш керек» - деди Н. Аблова.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев да: «Референдумду февралда өткөрүү эртелик кылат, себеби, анда коюлчу маселелерди, анын ичинде бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна жетишүү сыяктуу олуттуу маселени талкуулоого узагыраак убакыт керек, андан тышкары, элет калкы референдум тууралуу толук маалымат алган жок» - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG