Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Багдадда Ирактын куралсыздануу маселесине байланышкан сүйлөшүүлөр башталды.


Жекшемби күнү Багдадга БУУнун курал-жарак инспекциясынын башчысы Ханс Бликс жана МАГАТЭ уюмунун жетекчиси Мохамед эл-Барадейи келген эле. Мохамед эл-Барадейинин жекшембидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргенине караганда ,анда тараптар айрым бир прогресске жетишти. Ханс Бликс менен Мохамед эль-Барадейи БУУнун Коопсуздук Кеңешине ,Ирак куралсыздануу жөнүндөгү милдеттемелерин кандай аткарып жатканы жөнүндө алгачкы отчет берилээр алдындагы бул иш сапардын маанисин жогору баалашты. Отчет Коопсуздук Кеңешине 27-январда берилет.Жекшемби күнү маалымдалгандай, Иран Иракка коңшу өлкөлөрдүн атайын жыйынга чогулуусу жөнүндөгү сунушту колдоду. Өткөн аптада Түркия Иракка каршы ыктымал согушту алдын алууга багытталган жыйынга Йорданияны,Сауд Аравияны,Сирияны ,Иранды жана Мисирди чакырган.Жыйын алдыдагы аптада Стамбул шаарында өтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG