Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Израил армиясы Батыш Иорданда мыйзамсыз курулган күркө-базарларды буза баштады


Израилдик аскерлер Батыш Иордандын кыштактарындагы алардын уруксатысыз курулган соода күркөлөрү менен көчө базарларын бузуп-талкалоого киришти.
Назлат Исса кыштагында Израил бийликтеринин аракетине кыжырданган адамдарды кууп- таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим октор колдонулду.
Кыштак өкмөтүнүн төрагасы аскерлердин аракетин Израил өкмөтүнүн палестиналыктарга каршы жүргүзгөн экономикалык согушу деп айыптады.
Израилдик аскерлер бүгүн эле Дура шаарчасында палестиналык согушчандардын үйлөрүн сүздүрүп салышты.
Акыркы 28 айда жөөт аскерлери Батыш Иордан менен Газа тилкесинде 130-га жакын палестиналык согушчандын үйүн оодартып салышкан.
Израил өкмөтүнүн түшүндүрүшүнчө, турак үйлөр менен соода күркөлөрдү согушчандар жөөт аскерлерине кол салуу үчүн пайдаланышкан.
Адам укугун коргоочу уюмдар Израил армиясынын мындай аракеттери колективдүү жазалоо деп баалашты.

XS
SM
MD
LG